www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурашевди депутаттар колдоп...

3-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору органикалык айыл чарба азыгын өндүрүүнүн, анын сертификатынын, укуктук негиздеринин органикалык айыл чарба азыгынын ички рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарын түзүү максатында органикалык айыл чарба азыгын өндүрүү чөйрөсүндө пайда болгон мамилелерди жөнгө салууну аныктоого, Кыргыз Республикасынын калкынын органикалык айыл чарба азыгына болгон керектөөсүн канааттандырууга, ошондой эле, анын экспортун жогорулатууга багытталган.

Талкууда органикалык айыл чарба азыгын өнүктүрүүдө Кыргызстан жалпы органикалык аймак катары кабыл алынабы же органикалык аймактарга бөлүнөбү деген суроонун айланасында талкуу жаралды. Бир катар депутаттар жана “Био.kg” федерациясынын президенти Искендербек Айдаралиев органикалык аймактарга бөлүнүшү керек деген бир бирдиктүү пикирде болушту. Ошону менен катар органикалык айыл чарба азыгын өндүрөт деген сертификат ким тарабынан берилери, ага жеке компаниялардын кандай катыштыгы болот деген маселелер такталды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости