www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине Мурат Жетимишбаев кечээ, 5-июнда биригип, меморандумга кол койгон жагдай боюнча пикирин айтты.

--Текебаев кайрадан шахмат оюнундагыдай ат жүрүшүн, "ход конем" кылды. Мунун тактикасына эми таң калып деле кереги жок. Эскилер биригип "Жаңы дем", - деп чыгышты.

Бул Текебаевдин кайрадан шайлоочулардын башын айлантып, ага марионетка болгон жаштардын күчү менен кайрадан саясатка эптеп жармашып, илинип калуунун эле аракетин баштады. Жанар иним, мен аны марионетка дегениме эч  таарынбасын.  Мен Жанар инимден үмүтүм чоң эле. Азыр деле үмүтүм өчө элек. Чындыгында  Жанар иним "эркек эчкинин" жетегине кирип алданды! Бирок ойлонуп көрсө али да кеч эместир. Ооба жаштыгынан алданды. Убагында мен дагы Жанардан бир топ жаш улуулугума карабастан мен дагы ал "эркек эчкиге" тиктешип, кол алышып туруп эле алданып калгам. Буга Бакыт Төрөбаев эң сонун күбө. Кандай айтсак да, бул кезектеги шоу биригүү. Бул, "борсуган жыттуу" эскилер башында турган "жаңы дем", азыр эле өзүнүн жакшы эмес жыты менен көпчүлүктү "фуу", - деп мурундарын чүйрүгөнгө аргасыз кылса, дагы бир тобун, эрксизден мыйыгынан күлгөнгө аргасыз кылды.

Өзүңүздөр билесиздер,  ЖК болгон акыркы 3-4 шайлоолордо Текебаевдин, аты улук, бирок кыргызга көрсөткөн кызматы курук, "Ата Мекен" партиясы өлбө жаным өлбө, - деп эптеп мандатка илинип жүргөнү баарыбызга маалым. Текебаев өзүнүн көптөгөн интригалары, бизди туңгуюкка камаган "баш мыйзамы", Ош коогалаңынын чыгышына кошкон салымы менен өз баркынын лимитин эчак эле түгөтүп салган. Эл да көп нерсени түшүнүп калды. Эми жыйынтыктап айтканда кыргыздын, "көп эрден чыккан катындын, эртеңи кыска", - деген макал эске түшөт, андан башка айтаарым деле жок...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости