www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда, эгерде атасы каза болуп калса, сөзсүз төрдө баласына, баласы каза болуп калса атасына, жакын туугандарына милдетүү түрдө жок дегенде жети күрөктөн топурак салдырышкан! СЕБЕБИ КЫРГЫЗДА "ТОПУРАК СУУТАТ",- деп коюшкан. Адам өз жакындарын ак кепиндеп көөмп, топурак салганда, азда болсо кайгысы басылып, жазмышка баш ийүгө аргасыз болот. Көксөөсү сууйт! Эгерде Өзгөндөгү жер көчкү кырсыганан каза болгон адамдын жакындары маркумдарды шарияттын шарттары менен жерге бербесе бул жактагылар өмүр бою кыйналып, капа болуп, өзүлөрүн өмүр бою соттоп жүрүп өтүшөт! Арбак деген бар! Ал эмес, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп, кээ бир акылы чолоктордон ызалуу сөз угуп шагы сынып калышыда мүмкүн.  

Ошондуктан урматтуу достор, мен ушул кайгылуу күндөрдө Өзгөндөгү шейит кеткендердин сөөгүн изденүү жаны баштап жатып эле, "сөөктөрдү табуу татаал экен, ошондуктан ошол жерди курчап коюп эле жалпы бейит кылып койбойлубу",-дегенге каршымын! Кыргызда эч качан мындай кылбайт!!! Путин деле арбактарды сыйлап, миллиарддаган долларларды сарптап чөгүп кеткен "КУРСК" кемесин мухиттин түбүнөн көтөрттүрүп чыгып муркумдарды өз шарттары менен жайына беришкен! КЫРГЫЗДАР!!! БИЗ ӨЗГӨНДӨ ШЕЙИТ КЕТКЕН 24- БИР БООРЛОРУБУЗДУН ДЕНЕЛЕРИН ТААП АК КЕПИНДЕП ЖЕРГЕ БЕРЕ АЛБАСАК АНДА БИЗДИН КЫРГЫЗДЫГЫБЫЗДЫН НАКТА ӨЛГӨНДҮГҮ ! ОШОНДУКТАН; КАНЧАЛЫК ООР, ТАТААЛ БОЛСО ДА ТЕХНИКАЛАРДЫ ТАРТЫП, ЖАПА ТЫРМАК ТУРУП, МАРКУМ БИР БООРЛОРУБУЗДУН СӨӨГҮН ТААП, АК КЕПИНДЕП, ШАРИЯТ ЖОЛУ МЕНЕН ЖАЙЫНА БЕРИШИБИЗ КЕРЕК!!! –деди Мурат Жетимишбаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Ош облусунуну Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн м3 болгон жер көчкү түшүп, болжол менен 7 турак үйдү басып калган анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Кырсыктын кесепетинен алдын ала маалыматка ылайык 24 адам жер көчкүнүн астында калган.

Каза болгондорду казып чыгаруу иштери оор болгондуктан, жер көчкү болгон жерди мазарга айлантуу сунушталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости