www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Саламатсызбы, Мураталы мырза. Алгач саясат жолуна аттанып, үгүт иштери жүрүп баштады. Алгачкы кадамдар кандай, сүрдөп, чалынып жаткан жоксузбу?

— Саламатчылык. Сиз айткандай саясатка кадам алгачкы жолу эмес. Буга чейин бир нече саясый манилүү иш-чараларга катышып, жетектеп келгенмин. 2020-жыл — «Мекенчил» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болгонмун. Үгүт иштери абдан жакшы өтүп жатат, жергиликтүү калк менен өзүмдүн 7 кадам программасы менен тааныштырып жатам.

— Коомчулук акыркы убакта “жаңы жүздөрдү көргүбүз келет” деп айтып келет. Бир нече чакырылыштан бери кайра-кайра шайланып келген депутаттар боюнча да ар кандай пикирлер бар. Сиздин оюңузча, шайлоочу талапкерди кандай критерийлер менен тандашы керек?

— Ар бир добуш — чоң жоопкерчилик. Эртең балдарыбыз кандай өлкөдө жашай турганы бүгүнкү тандообузга байланыштуу. Келечек кайдыгерлерге эмес, чечкиндүү адамдарга таандык. Эгер жаркын келечек куралы десек, жаңы жүздөргө мүмкүнчүлүк берип, жаштарды колдоого тийишпиз. Элдин добушу баарын чечет, акыйкат шайлоодо жаралат.

Келечек өзү түзүлбөйт — аны биз тандайбыз. Жаштар бүгүнкү өзгөрүүнүн башаты. Туура тандоо аркылуу биримдиктин, өнүгүүнүн үлгүсүн көрсөтө алабыз. Анткени эл үчүн иштеген, ак ниет адамдарды тандоо — өсүү, ынтымак жана жоопкерчилик үчүн кепилдик. Биз жөн гана адам тандап жаткан жокпуз, келечекти тандап жатабыз.

Шайлоо — эркиндикти сезүүнүн чыныгы куралы, добуш берүү — аны билдирүүнүн эң таза жолу. Андыктан барагы ачыла элек китепти сынга алуу — туура эмес мамиле. 

— Дегеле Жогорку Кеңешке кандай депутат керек?

— Буга чейин убаданы берип, бирок кийин элдин үнүн укпай калган учурлар болду. Ошондуктан шайлоочу ойлонуп тандашы абзел. Парламентке элге жакын, жоопкерчиликтүү, жүрөгү таза, мыйзам чыгарууда кесипкөй мамиле көрсөткөн өкүлдөр керек. Тандоо – элдин көз карашын чагылдырган маанилүү процесс.

Бүгүнкү кайдыгерлик эртең өкүнүчкө айланып калбашы үчүн шайлоого катышпай коюу — башка бирөөлөр сенин тагдырыңды чечсин дегенге барабар. Кимге ишенип, кимди тандап жатканыңды так билүү шарт. Бул жөнөкөй шайлоо эмес — өлкөнүн мындан аркы багытын аныктап турган тарыхый чечим.

Эл берген жол – ыйык жол. Мандат белек эмес, элдин ишеними. Ошондуктан тандоого жоопкерчилик менен мамиле кылып, бош убадаларга алданбай, иш жүзүндө натыйжа көрсөткөн талапкерди тандаган туура.

— Сиз жаңы жүз катары башкалардан айырмаланып калкка кандай программаларды сунуштай аласыз?

—  Японияга бир нече ирет бардым. Шаардын тазалыгы менен жаратылыштын кооздугун сөз менен айтып жетикирүү мүмкүн эмес. Табиятты коргой албаган эл өзүн да коргой албайт. Тоо-таштарыбызды тыптыйпыл кылып, суубузду булгап, токойлорду кыйып жатабыз. Экология – саясат эмес, бул өмүр маселеси. Ар бир адам дем алып жаткан аба, ичип жаткан суу, жеген азык зыянсыз болсун десек, бүгүнтөн баштап мыйзам менен коргошубуз керек. Андыктан,  жергиликтүү калк колдоп депутат болуп шайланып калсам таза суу, таза аба, жашыл жаратылышты коргоо үчүн күрөшөм. 

— Кантип күрөшөсүз?

— Табиятты коргогон мыйзамдарды күчөтүп, ири өндүрүштөрдү элдин саламаттыгына зыян келтирбешин көзөмөл кылып, ар бир шаарда, ар бир айылда жашыл аймактар болууну ишке ашырат болчум. Аксынын, Ала-Буканын, Чаткалынын кооз табиятын дүйнөгө таанытабыз! Жолдорду оңдоп, мейманканаларды, маалымат борборлорун ачабыз. Жергиликтүү элге туристтик бизнес үчүн жеңил насыяларды берүүнү, тейлөө сапатын өнүктүрүү багытында окутууларды колго алабыз. Келечекте, “Сары-Челек – Падыша-Ата – Чаткал” — дүйнө таанып-билген брендге айланат. Биз дал ушундай амбициялуу пландын үстүндө иштейбиз! Сууну, жерди, токойду коргоо — ар бирибиздин милдетибиз. Экологиялык фонд түзүп, элдик долбоорлорду колдойбуз. Келечегибиз үчүн, экологиясы таза Кыргызстанды куралы! Таза аба, таза суу, жашыл аймак — биздин келечек муундарга белек!

— Маегиңизге чоң рахмат.

КЕРИМБАЕВ МУРАТАЛЫ ТОПЧУБАЕВИЧ – билимге таянган, келечекке ишенген талапкер!

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жогорку билимге ээ, Япониядан квалификациясын жогорулаткан адис. Коомдук ишмер катары билим берүү, жаштарды колдоо жана айыл чарбасын көтөрүү багытында натыйжалуу иштерди жүргүзүп келет.

"Глобалдык билимдер" уюмунун жетекчилеринин бири катары көптөгөн жаштардын өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Кыргыз, орус, жапон тилдеринде сүйлөйт.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондорунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 15-округдан № 1 депутаттыкка талапкер Мураталы Керимбаев саясатта жаңы жаш талапкер. Ал жаңы көз караштагы, жаңы муундун өкүлү катары эл ишенимин актоого, элге кызмат кылууга даяр. 

Колдоп добуш бериңиздер!

Буйрутма КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 15 көп мандаттуу Аксы шайлоо округунан талапкер Керимбаев Мураталы Топчубаевичтин шайлоо фондунан каржыланды.
Буйрутма №: 01
Нуска: 3 даана

 

 

Последние новости