www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Улуттук музейдин мурунку директору, мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулына козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирди. Ал "ири өлчөмдө бюджеттик каражатты уурдоо жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" шектелүүдө.

Тергөө амалдары "Алтын адамдын аалам музейлерине жасаган жүрүшү" эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү, "Казакстандын улуттук ыйык объектилерин жана музей фонддорун жалпы мамлекеттик фотограмметриялык 3D-сканерлөө" жана "Казакстан Республикасынын Улуттук киноколлекциясын санариптештирүү" долбоорлоруна бөлүнгөн каражаттарды уурдоо фактылары боюнча жүрүп жатат.

Мындан тышкары Мухамедиулы маданият жана спорт министри болуп турганда туугандары менен кызыктар тараптардын менчигине "Суу жана прикладдык спорт түрлөрү боюнча Республикалык жогорку спорт чеберчилиги мектебин", "Казак энциклопедиясы" акционердик коомун жана "Казак илим изилдөө маданият институту" компаниясын мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 7 миллиард теңгени (15 млн доллардын тегереги) түзүүдө.

Май айында кармалган мурдагы аткаминердин камактагы мөөнөтү 26-сентябрга чейин узартылды.

Арыстанбек Мухамедиулы 2014-2019-жылдар аралыгында Казакстандын маданият жана спорт министри болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости