www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ соттон ажырашкан аялын, мурдагы милиция атып өлтүргөнүн "Спутник" басылмасына маалымат булактар кабарлаган.
Алардын айтымында, жубайлар бүгүн сот залында ажырашкан. Андан соң киши аялды машинага кыйнап отургузуп, үйүнө алып кеткен. Экөөнүн ортосунда эки бала бар. Өздүк булактар киши буга чейин аялын дайыма сабап келгенин, аталган агенттикке билдирген.
Милицияга окуя тууралуу кабар кечээ, 23-декабрда саат 21:00дө түшкөн. Кандуу окуя Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде болгон.
Кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске сала кетсек соттон ажырашкандан кийин 48 жаштагы киши 47 жаштагы аялын “МР-79” травматикалык тапанчасы менен атып салган.