www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ сот аркылуу ажырашкан аялын мурдагы милиция кызматкери атып өлтүргөнү коомчулуктун үрөйүн учурду.
Мындай зомбулукка байланышкан фактылар акыркы убактарда улам-улам талкууга түшүп жатканына карабастан, кандуу окуялар токтобой келет.
NazarNews маалымат агенттигине жеткен алдын ала маалыматтарга ылайык, жубайын атып өлтүргөн 48 жаштагы мурдагы милиция кызматкеринин колунда “МР-79” үлгүсүндөгү травматикалык тапанча болгон.
Ошол эле учурда кызматтан кеткенден кийин мурдагы милиция кызматкеринен курал эмне себептен кайра алынбаганы жана маркумдун башына тогуз жолу ок чыгарылганы боюнча суроолорго Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы кошумча маалымат бериле турганын билдирди.
Эске салсак, жубайлар ошол күнү сот залында расмий түрдө ажырашкан. Андан соң эркек киши аялды күч менен унаасына отургузуп, үйүнө алып кеткен. Алардын ортосунда эки бала бар.
Окуя тууралуу милицияга кечээ, 23-декабрда саат 21:00 чамасында кабар түшкөн. Кандуу окуя Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде катталган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.