www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кыргыздын бир эрке талтаң кампири бар. Аты-жөнү Гүлнара-Клара Самат. Кыз кезиндеги аты-жөнү Клара Кабилова. Наристе кезиндеги фамилиясын ким билет. Бул өз айласын гана ойлоп эркелеп жаткандыктан Ульяновскмиде кыргыз мигранттары кырсыкка учурап кыргыздар убайым жеди. Орусиядагы кыргыз элчиси үн катпаса да Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги орус-казак чек арасындагы «Озинки» көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде болгон окуя боюнча маалымат берди. Элчилик билдиргендей, Саратов облусундагы «Озинки» көзөмөл-өткөрүү пунктунда кыргызстандык жана орусиялык айдоочулардын ортосунда чыр чыккан.

Алар көзөмөл-өткөрүү пунктуна кирүү кезеги сакталбагандыгы үчүн урушушкан. Андан соң Кыргызстандын 10 жараны 3 унаа менен Москва шаарына жолго чыкканда, Саратовдун Ершово айылы тарапта жергиликтүү таксисттер алардын жолун торошкон.

Таксисттер 1 айдоочу менен 1 жүргүнчүнү сабап, унаалардын терезелерин талкалап, дөңгөлөгүн жарып, кузовду чийишкен. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Учурда укук коргоо органдары шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам аракеттерди көрүп жатат.

Ершов районунун полициясы кыргызстандык жарандардын арасында оор жаракат алгандар жок экенин билдирди. Баарына медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери Ершов районунун полициясы менен сүйлөшүп, Кыргызстандын жарандары менен жолукту. Бул факт элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Ал эми биздин элчиликте эмне кеп? Атын улам өзгөртүп турган Гүлнара-Клара  Самат 2008-жылы «Максим Бакиев тийишти» деп хайп кармап, өлкөдөн чыгып кеткен. Унчукпай жүрүп кызматка келет, үн катпай жүрүп кызматтан кетет. Майлуу-сүттүү орундарга оңой эле жетип, креслодон турбай ишин кылат. Орусия жараны болгонуна карабай «Ата-Мекен» партиясына жабышып Жогорку Кеңеште депутаттык төш белгини уялбай тагып, төрдө олтурган. Депутаттыкка 2015-жылы парламенттик шайлоодо «ата мекенчилердин» тизмесинен келген. Ал учурда деле ЖКга келгени менен адатынча үн каткан эмес.

Гүл-гүлүнөн жанган Гүлнара-Клара Самат ушул тапта Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчиси. Кыргызстандагы чыгаан саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун ордуна топ этип түшүп калган. Жаңы бийлик келгенден кийин ар кимдин эшигин каккылап жатып, кызматка барганы эсибизде. Элчи болуп барганы алгылыктуу ишин көрө элекпиз. Орусияда миллиондогон кыргыздар болгону менен, короздой койкоюп, жардамга муктаж жарандарыбызга көңүл бурбай кашанын үстүндө олтура бергени кызык.

Бар менен жоктун ортосунда жүрө берген мындай элчилерден биздин бийлик уялбайбы? Элчи өлкөнүн жүзү болот эмеспи. Чыгаан саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун ордуна үн катпас аялды алып келип, элчи кылып койгон бийликтегилерге дагы сөз жок. Ау-у, бийлик ишенген Гүлнара-Клара Саматыңар менен аман эле болгула. Жок дегенде алыска барбаса дагы Маскөөдө жайгашкан Арбатка бир жолу барып, кыргыздарды аралап койсо «ой, мөлөдещ» деп коймокпуз. Мунуңарды кылкылдатып жүрө бербей арыдан-бери кылып, саясатта чоң орду бар Аликбек Жекшенкуловдой чыгаандарды элчи кылсаңар куп жарашмак.

Айтор Гүлнара-Клара Саматка телефон чалып койсоңор бир аз жамбашын креслодон көтөрөт беле?  – деген эле ой. Эгер сөзүбүз каттатийсе, «Извините божалуйста» демекчибиз, азыркыча айтканда оозу ботокс болсо дагы байдын байбичеси сүйлөсүн.

Жарандык активист Бакыт Үсөнбаевдин пикирин жарыялай кетели. 22-август күнү элчи менен жолугушуу болот деп, 45тей адам барган элек. Ошол күнү тилекке каршы, элчи Гүлнара-Клара Самат менен жолугуша албай кайткандыгыма өкүнүп турам. Ал жерде менин элчиге айта турган максатым төмөндөгүчө болчу. 

«Урматтуу Гүлнара айым, азыркы учурда кыргыз мигрант туугандарыбыз чек арага кирди-чыкты болуп, суудай агылып кетип жатат. Ошол мигрант туугандарга жеңилдик болуу үчүн, элчилик тарап арзан баада чоң автобус жалдап, өзүңөр коштоп алып барып келсеңиздер жакшы болот эле», деген сунушумду айта албай калганыма катуу өкүнүп турам. Балким, жогорудагы сунушумду колдоп койсо мындай кырсык болбойт беле аттиң... Ажал экен шейит кеткен жердештеридин жакын тууган-туушкандарына терең көңүл айтам», - дейт Бакыт Үсөнбаев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости