www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү системасынын быты-чыты чыкты, 25-май күнү мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, 1-июнда  мамлекеттик экзамендер баштала турган. Эми дүйнө бүгүн окуу жылын аяктап жатса, окуу июнду көздөй сүңгүп кирип кетти. Мурун лениндин осуяты менен, союз тараган соң Манастын жети осуяты менен окут турганбыз, эми Манаска кол шилтегендер бар.

“Ааламдашуунун шартында улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап калалы, ал үчүн улуттук уңгубуз “Манаска” кайрылалы” деп президент Садыр Жапаров өзү колдоп, театрын ачып, “Манасты” илимий жактан изилдөө институтун түзүп, кыргыздын чыгарып келген уңгубуз өлкөбүздүн идеологиясынын башкы багытына айланып отурат. Кызыгы, Билим берүү министрлигинин карамагында таламандын тал түшүндө ошол мамлекеттик саясатка кайчы келген, каршы иштерди жасап жаткандар да бар экен.

Бир убактагы ушул эле жерде министр болгон Абдылда Мусаев башкарган К.Карасаев атындагы БМУда Манас таануу сабактары кыскартылып, окуу планынан алып салыныптыр. “Манастын” ордуна чет тилин окутабыз” деген чилистен ректорлор пайда болуптур. Университетте “Манас” илимий деңгээлде окутулаарын, улуу эпосту изилдеген үч миңден ашык иликтөө бар экенин, “Манас” улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу, кыргыз мамлекетинин руханий пайдубалын бекемдөө, өлкө ичиндеги биримдикти, улут аралык ынтымакты чыңдоо үчүн аба менен суудай зарыл экенин түшүнбөгөн сабатсыз ректор, экс-министр чолок акылы менен ушундай чоркок чечим кабыл алыптыр.

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев мындай ректорду тыйып, мамлекеттик саясатка, идеологияга каршы келген чечимдерин оңдойбу, же “Манасты” жокко чыгарып, кордогон бул чечим чоң чырдын башы болобу?

Тарыхка кылчайа карап көрөлү. Отуз төрт министрдин он беши советтик министрлер, тарыхта калгандары: Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев, Болот Юнусалиев, Абдылда Каниметов, Каныбек Осмоналиев, үчөө эки жолу министр болушкан:

1.Касым Тыныстанов 1927-1930;

2.Айтул Бабашалин 1930-1933;

3.Токчоро Жолдошев 1933-1935;

4.Айтул Бабашалин 1935-1936;

5.Осмонкул Алиев 01.19.1937- 08.19.1937;

6.К.Камбаров 19.08.1937-19.09.1937;

7.Абдынасыр Елебасов 1939-1940;

8.Муса Рыскулбеков 1943-1945;

9.Болот Юнусалиев 1945-1951;

10.Султан Токтогонов 1951-1955;

11.Таштанбек Тургунов 1956-1962;

12.Абдылда Каниметов 1962-1977;

13.Аскар Турсунов 1978-1986;

14.Жаныбек Шаршеналиев 1986-1988;

15.Мукаш Базаркулов 1989-1991;

16.Анарбек Бакаев 06.1991-11.1991;

17.Чынара Жакыпова 1992-1993;

18.Аскар Какеев 1993-1998;

19.Советбек Токтомышев 1998-1999;

20.Турсунбек Бекболотов 1999-2001;

21.Камила Шаршекеева 2001-2002;

22.Ишенгүл Болжурова 2002-2004;

23.Мустафа Кидибаев 2004-2005;

24.Досбол Нур уулу 2005-2007;

25.Каныбек Осмоналиев 2007-01.11.2007;

26.Ишенгүл Болжурова 2007-2009;

27.Абдылда Мусаев 2009-2010;

28.Канат Садыков 2010-2014;

29.Эльвира Сариева 2014-2016;

30.Гүлмира Кудайбердиева 2016-2019;

31.Каныбек Исаков 2019-2020;

32. Алмазбек Бейшеналиев  2020-2021;

33. Болот Купешов 2021

34. Алмазбек Бейшеналиев 2021-жылдан баштап.

Эң биринчи билим жаатын тейлеген эл комиссары Касым Тыныстанов кыргыз тил илимин өнүктүрүү зор эмгек кылган. Касым кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. 1936-жылы профессорлук наамын алган эң биринчи кыргыз 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Аскер сотунун жабык кѳчмѳ сессиясында К.Тыныстановго 1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо » уюмуна , андан кийин буржуазиячыл-улутчул , диверсиялык зыянкеч, «Социалдык –Туран» партиясынын жетекчилик тобуна кирген деген кγнѳѳ менен коюлуп, атууга ѳкγм кылынган. θкγм тез аткарылып 7-ноябрда атылган.

Токчоро Жолдошевдин кыргыз көркөм адабиятынын кандай болушу керектигин кашкайта көрсөткөн чыйрак макалалары азыр да кызыгуу жаратат. Туңгуч кыргыз сынчысы, бир боор калкынын сабатынын ачылышына үлкөн салым кошкон мугалим, эл агартуу иштерин уюштурган министр. 32 жашында репрессияга кабылган.

Осмонкул Алиевдин тагдыры да башка курбалдаштарындай кандуу жазалоого туш келип, 35 жашында коммунисттик бийлик тарабынан атып жок кылынган. Большевиктер репрессиясынын натыйжасында партияга революцияга чейин, анын алгачкы жылдарында мүчө болуп киргендердин 80% жок кылынган. Кандуу жазалоонун капканына 1920-жылдан 1953-жылга чейин 40 миллион ашуун адам кабылып, анын 7 миллиону 1935-жылдан 1941-жылга чейин атып өлтүрүлгөн. Калкынын саны миллионго жетпеген Кыргызстандын өзүнөн эле 40 миң адамдын (эң биринчи кезекте - жигердүү айдыңдардын) жок кылынышы массалык кырып-жоюунун масштабдуу жүрүшүнөн кабар берет.

Академик Болот Юнусалиев кыргыз илиминдеги беш манжа менен саналчу залкарлардын бири. Илимий эмгектерин кыргыз-орус тилинде эркин жаза алган, принципиалдуу маселеге келгенде эч качан позициясынан тайбаган, өзү туу туткан акыйкатты коммунисттик бийлик алдында да тартынбай коргоп, куугун-кысымга карабай, калыстыкты бекем кармап жашаган улуу инсан. Анын артында калган илимий эмгектеринин барк-баасы арадан жарым кылым ашуун убакыт өткөнүнө карабай эч кемибей, түркологиянын классикалык үлгүсү катары жаңы муундагы окумуштууларды кызыктырып келатат.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Каниметов Абдылда Москва мамлекеттик университетин (МГУ) бүтүргөн, 1962–1977-жылдары Кыргыз ССРнин элге билим берүү министри. Каниметов Абдылданын илимий эмгектери Кыргызстандын маданий курулушуна, элге билим берүү жана Интергельпонун тарыхына арналган. Ал 200дөй илимий макала, анын ичинен 40ка жакын монография, окуу китептеринин автору.

Булардын арасында Айтул Бабашалин, Камбаров, Абдынасыр Елебасов, Муса Рыскулбеков, Султан Токтогонов, Таштанбек Тургунов, Аскар Турсунов, Жаныбек Шаршеналиев сыяктуу советтик министрлер бар.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң 19 министр алмашкан: Мукаш Базаркулов 1989-1991; Анарбек Бакаев 06.1991-11.1991; Чынара Жакыпова 1992-1993; Аскар Какеев 1993-1998; Советбек Токтомышев 1998-1999; Турсунбек Бекболотов 1999-2001; Камила Шаршекеева 2001-2002; Ишенгүл Болжурова 2002-2004; Мустафа Кидибаев 2004-2005; Досбол Нур уулу 2005-2007; Каныбек Осмоналиев 2007-жылдын башы -01.11.2007; Ишенгүл Болжурова 2007-2009; Абдылда Мусаев 2009-2010; Канат Садыков 2010-2014; Эльвира Сариева 2014-2016; Гүлмира Кудайбердиева 2016-2019; Каныбек Исаков 2019-2020; Алмазбек Бейшеналиев 2020-жылдан баштап 2021-жылга чейин. 2021-жылы Болот Купешов, 2021-жылдын аягында кайрадан Алмазбек Бейшеналиев. Азыркы жаштар Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев, Болот Юнусалиев, Каниметов Абдылда сыяктуу кашкөй министрлерди окумуштуу, илимпоз, адабиятчы катары жакшы билишет. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң министр болгон он тогуз адамдын рейтинги боюнча баа бергенде социалдык тармактарда биринчи орунду Каныбек Осмоналиев, андан соң Камила Шаршекеева, Чынара Жакыпова, Советбек Токтомышев, Аскар Какеев, Советбек Токтомышев, Анарбек Бакаев, маркум Каныбек Исаков, Досбол Нур уулу, Гүлмира Кудайбердиева, Канат Садыков, Мустафа Кидибаев, Эльвира Сариева, Турсунбек Бекболотов, Мукаш Базаркулов, Алмазбек Бейшеналиев, Ишенгүл Болжурова, Болот Купешов, Абдылда Мусаевдер ээлешти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости