www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 63 жаштагы киши кармалды, деп билдирди өздүк булактар.

Маалым болгондой, 12-октябрь күнү шаардын Сабиров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 54 жаштагы кишинин жансыз денеси табылып, шаардык оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Ага тийиштүү экспертизалар дайындалган болчу.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү менен (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Ал эми бул кылмышка шектүү катары Кара-Көл шаарынын 63 жаштагы тургуну Т.Д. кармалып, убактылуу камакка алынды.

Т.Д.нын милиция кызматкерлерине берген маалыматына караганда, 12-октябрда каза болгон киши экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодогу пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Андан соң, Т.Д. 54 жаштагы Б.М.ны катуу ур-токмокко алган. Анын кесепетинен 54 жаштагы киши окуя болгон жерден каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон киши (Т.Д.нын кайниси) алты баланын атасы болгон. Ал эми шектүү катары кармалган адам – маркумдун жездеси 1980-жылдан 1995-жылга чейин КРдин ИИМде кызмат өтөгөн жана милициянын старшинасы болгон. Мурун Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен соттолуп, 2004-жылы эркиндикке чыккан. Ал 4 баланын атасы.

Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: "Турмуш"

Последние новости