www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кезинде Кыргыз республикасынын биринчи вице-премьер-министрлик кызматына чейин жеткен, кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп ызы-чуу менен кызматтан кеткен Тайырбек Сарпашевди унута элексиөер да. Бул жигит саясаттан тажап, таптакыр көөүлү калыптыр. Анүстүнө өмүрүндөгү эӊ чоӊ катачылыгы катары улутка асылып, паспорттон аны чийип салууга чейин кол салганы болду окшойт. Бүтүндөй бир улуттун убалы уруп кетүү деген коркунуч оюна келди бекен ошондо. Же Сарпашевдеги баардык ыйыктыктарды акча жууп кетти беле?
Баса, Тайырбек мырзанын кайрадан саясатка келүү азырынча оюнда жок, кайрадан жанданган соттук ишин бүтүрүп алуу санаасында. Анын үстүнө саясаттан тажаптыр. Тажайт да, «ураалатып» алдыга салып алышып, өз миссиясын аткаргандан кийин четке сүрүп койсо. Дегенибиз, Тайырбек мырза кезинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын кынтыксыз аткарып, ал кишинин арыгын жакшы эле чапкан. Кийин сыртка сүрүлүп калган жайы бар. Анын үстүнө бир кезде козголуп, кайра «таасирдүү» адамдардын күчү менен жабылган кылмыш иши жанданып бушайман кылууда. Бир кездеги «шефи» Жантөрө Сатыбалдиевдин жанына барып калбаймынбы деп жүрөгү дүкүлдөп атса керек да.
Булак: "Де-факто"