www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти бул тууралуу америкалык СBS телеканалы менен болгон маегинде айтты.

Алып баруучу "Путин өзүн сындагандардын киши колдуу болушуна катышы бар" деген пикирге Трамп макул же макул эмес экенин сураганда, ал “ооба, балким, балким” деп жооп берди.

АКШнын президенти мында Путинди сындап жүрүп ууландыруу аркылуу же башка шектүү жагдайларда мерт болгон адамдардын кимисинин өлүмүнө орус президентинин тиешеси бар деп эсептегени белгисиз. Москва андай окуяларга тиешеси бар экенин такай четке кагып келет.

СBS телеканалынын журналисти АКШнын саясий системасына Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу Трамптан кайрадан сураганда, ал буга макул болду, бирок Кытай да кийлигишкенин кошумчалады.

АКШда 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү али уланууда. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости