www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2011-жылы президенттик шайлоого шумураңдап токсондон ашуун кыргыздар талапкердигин коюп, эски СССР боюнча Гиннестин китебине жазылгандай болушту. Бул президенттик шайлоого көптүн бири катары Ат-Башыда дүкөнчү болуп иштеп жүрүп, бирин-серин мал күтүп, өзүн Арстан Алай бизнесмен деп атаган Арстанбек Абдылдаевдин да катышкан. Арстан Алай “элден эмнем кем, капчыктагы теңгем кем” деп чакчаңдап талапкер болуп барып отуруп калбай, үшүгөн табарсыктай болуп элге акыл, кеңешин үйрөткүч болуп, үркөрдөй болгон кыргыз мээсин эзип, кала берди.
Арстан Алайдын мындай үйрөткүчтүгүнүн пайдасына караганда зыянын тарткандар көп. 2012-жылдын жаз алды бир топ күн күн жылып, анча көп нерсени тоготпогон кыргыздарга Арстан Алай чыга калып: “Кыш бүттү, мындан ары күн жылыйт, арткан-үрткөн чөп-чарды жоготкула” –деп жар салып эсепчи болуп чыга келет. Аны уккан кээ бир дөөпайлар арткан-үрткөн чөп-чарын болбогон акчаларга сатып жиберишип дым отуруп калышат.
“Эсепчини жут алат” болуп жаз келер менен катаал суук башталып, кыргыз элинде болуп көрбөгөн жут башталат. Арстан Алайдын сөзүн чын көрүп чөп-чарын сатып ийгендер, мал-салын бүт кырып аны каргап-шилеп жатып калышат. Чөп-чардын наркы өсүп, күн жылыганда арзыбаган акчага түшүп калган чөптүн баасы асмандап кетет. Мамлекет көмөк көрсөтүп Чүйдөн, Казакстандан чөп тартышып, тоолуу аймактардан кээ бир малдарды эптеп сактап калат. Оозу кыбырап жөн турбай “Жаз келди, чөбүңөрдү саткыла” –деген алдамчы эсепчи Арстан Алай тешикке кирип көрүнбөй калат. Бирок, эл ага “Зима не будет” деп жалганчылыгыгы үчүн какшык ат беришет.
Арстан Алай эмне үчүн алайлыктардын атын булгап “Алай” деген ат коюп алган. Ал 1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарына кызмат өтөгөн, мунун мээсин чайкалып калганын билишкен алайдын жигиттери төбөгө чаап, ого бетер өзү жиндиликке ооп бараткан мээсин “чайкап” салышкан. Ошол алайлыктарды эстедиби же Алай деп алардан мээ кайкы чыгармалары менен жинине тийейин дедиби, айтор “Алай” деген ысым алып жүрөт.
Мээ кайкылардын падышасы Арстан Алайдын сөзүн чын деп ишенгендер деле мээсинен айнып кетет, ошондуктан “миң койдун бири аксак” –дегендей, миллиондогон кыргыз ичинде бир мээ кайкы чыкса теңелбейли...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg