www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Спутник V" вакцинасы сактала турган муздаткычты өчүрүп салып, 994 доза жараксыз болуп калган. Анын чыгашасы бүгүнкү күнгө чейин төлөнө элек. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына Эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова айтып берди.
Анын айтымында, дагы деле тергөө иштери жүрүп, жыйынтыктоочу чечим чыга элек. "Биз да күтүп жатабыз", - деп Иенапысова баса белгиледи.
Эске салсак, 19-майда, Бишкекте "Спутник V" вакцинасынын 930 дозасы жараксыз болуп, аны эсептен чыгарууга туура келгени белгилүү болгон. Себеби №2 Үй бүлөлүк медицина боюнча бириккен борборунда муздаткыч өчүп калган. Беш адам сөгүш алып, №2 ҮМБ бузулган вакциналардын ордун толтурууга милдеттендирилген болчу.
Булак: NazarNews.kg