www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинада үчүнчү «Х» жынысын кийиришти. Ааламда ургаачы жынысындагы адамзаттын тукумун улай турган аялзаты азайып баратат. Элдин көпчүлүгү эркек балалуу болуну көздөйт экен, байкуш кыздарды бу дүйнөгү шооланы көрсөтпөй, төрөлө электе эле медициналык жол менен алдырып жатышат. Кытай менен Индияда кыздардын 95 пайызы төрөлбөй калгандыгынан улам бүгүнкү күндө бул өлкөлөрдө эркектер көбөйүп кетишкен. Бул экөө бир жарым миллиардка жетебиз деген эң калкы көп мамлекеттер. Кытайда бир гана балалуу болсун деген мыйзам бар эле, анан элдин бары эркек балалуу болгусу келип, кыздарды курсактан эле жоготуп жатышты да. Эми Кытайда эки балага уруксат берди. 1970-жылдардан бери жыныстык негизде бойдон алдыруунун кесепетинен Кытай, Индия жана башка 10 өлкө жалпысынан 23төн 45 миллиондой аял затын жоготушкан.

Илимпоздордун жаңы изилдөөсүнө таянсак, 2030-жылга карата жыныстык негизде бойдон алдырууну талап кылган өлкөлөрдө 4,7 миллион аял төрөлбөйт. Ал кадимки демографиялык кризиске алып келиши мүмкүн. Изилдөөнүн авторлору BMJ Global Health журналында жарыялангандай, 204 өлкөдө төрөлгөн үч миллиарддан ашуун балдардын мааалыматтарын колдонуп, туура эмес жыныстык катнаштар байкалган 12 өлкөнү жана ошол багытта жүрүү коркунучу бар делген 17 өлкөнү аныкташкан.

Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча, 2100-жылга чейин 12 өлкө жалпы 5,7 миллион аялдан ажырайт, бул узак мөөнөттүү маданий жана социалдык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда, Кытай менен Индияда кыздардын 95 пайызы төрөлбөй калгандыгынан улам бүгүнкү күндө бул өлкөлөрдө калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгы байкалууда.

Кылымдар боюу аялзатын баш көтөртпөй басып келаткан ислам динин бекем кармаган Сауд Арабиясында эми гана аялзатына машина айдоого, чет мамлекетке чыгууга укук, эс алуучу жайларга жалгыз барууга уруксат берилди. Буга чейин эркектин коштоосу жок аял бир метр да чыгып койчу эмес.

Кыргызстанда кыйнап күйөөгө берилгендер деле эне болуп отуруп калат. ЮНИСЕФдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 24 жашка чейинки кыздардын 13.8% кыйнап күйөөгө берилген.

Ал эми Орусияда да баланын төрөлүүсү азайып, демографиялык жарылуу болгону турат. Ошондуктан, Орусияда көп бала төрөгөндөргө материалдык кызыкчылыктар менен акча төлөмдөр көбөйүп баратат. Андан тышкары Орусияда эркектерге да «Энелик даңк» ордени менен сыйлай баштады. Ар кандай себептер менен аял жок, эркектер үй-бүлөдө баланы багып, өстүрүп жатышат. Балким аялы өлүп калгандыр, же ажырашып кеткендир, мындайлар болот. Эркектер деле «Энелик даңк» ордени менен сыйланышып, балдарды жуунтуп, киринтип, таптатынакай эле багып жатышат.

Аргентинада адамдын тек жайын аныктаган документтерге аял-эркектен сырткары “үчүнчү жынысты” киргизүү үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ал документтерде “Х” тамгасы менен белгиленет. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Альберто Фернандес билдирген. "Мамлекет үчүн аял же эркек, алардын сексуалдык ориентациясы маанилүү эмес. Алардын окуганы, иштегени, эмделгени жана салык төлөгөнү маанилүү", - деди Фернандес. Президенттин айтымында, буга чейин эле эркек менен аялдан башка дагы иденттүүлүк дайыма болуп келген. Болгону анын баары кезинде жашырылган.

“Бул маселени көтөрбөй коюп, биз миллиондогон адамдарды бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратабыз”, – деди президент. Аргентинада ЛГБТга жана башка гендердик өзгөчөлүктөргө карата либералдуу мыйзамдар иштейт. Буэнос-Айрес 2002-жылы бир жыныстагылардын жана ар кайсы жыныстагы адамдардын жарандык союзун мыйзамдаштырган Латын Америкасындагы биринчи шаар болгон. 2010-жылдан бери бир жыныстагылардын никесине уруксат берилген.

Негизи аялзатына кеңири укук берүү 1944-жылы Швецияда башталган. Бүгүнкү күндөгү батышчылдардын үй-бүлө боюнча келечеги кандай? 1973-жылы Швецияда аялзатына биротоло кеңири укук беришти эле, бул жакта үй-бүлө деген «ирип-чирип» калды. Анткени, аялдар бала-баккандан эринишип «Швециялык үй-бүлө» түзө баштады. «Швециялык үй-бүлөдө» бир топ эркек, бир топ аял чогулуп тукум калтыруу максатында эмес, көңүл ачуу максатында үй-бүлө курушат. Кимдин аялы ким экенин билбейт, ошол күнү ким туш болсо ошону менен көңүл ачат. Мына эстетика!

Ооба, аялзатынын жаманы жок, бирок аял болгондо өзгөрүп, эркекти чарчатып жибере тургандары бар. Алар кимдер?

“Оорулуу” аялдар

Чынында эле оорукчан, же оорумуш болуп көрүнгөн аял. Аял ыңыранып, күндө мазасы кетип жүрөт. Кайын-журттун үйүндө той-маараке болуп калса, ал дароо ооруп калат. Күйөөсүнүн достору келсе да башын таңып, кабагын чытып отурган болот. Көңүлү чаппай, айткан-дегени орундалбай калса, “ооруп турам” деп терс бурулуп кетет. Ооруларын күндө санай берип, күйөөсүнүн мээсин ачытат. Кыскасы, күмүш катын күндө оору, жаман катын түндө оору.

Милдетчил аял

Ар бир ишин милдет кылат. Анын тамак жасаганы да, эрте турганы да, кош бойлуу экени да – милдет. Тамак жасаса, аны өзү да жейт. Баланы күйөөсү үчүн төрөбөйт, өзүнө да керек. Үйүн жыйнаса, ошол үйдө өзү да жашайт. Милдет кылып, “сенин апаңдын кийимин жуудум”, “сенин балаңды көтөрүп жүрөм”, “сага тамак жасадым” деп айта бергенден чарчабайт. Мындай аял, эгер көбүрөөк акча таба баштаса, эркектин башына чыгып, ата-энесине өктөм сүйлөй баштайт.

Баалай билбеген аял

Анын сөзү салыштыруу менен чектелет. Күйөөсүн курбуларынын жубайы менен, балдарын абысынынын же кошунанын балдары менен, жашоосун башкалардыкы менен салыштыра берет. “Баланчага турмушка чыкканымда, азыр жашоом башкача болмок”, “эгер сенин досуңдун аялы болсом, ал суранган жагыма жөнөтмөк. Анын аялы кандай бактылуу!” деген сөздөр күйөөсүнүн кыжырын келтирип, көңүлүн түшүрөт. Мындай аялдын көңүлүн табуу өтө кыйын. Канчалык жакшы болууга аракет кылсаңыз да, көп акча тапсаңыз да, эмгегиңиз бааланбайт.

Көз арткан аял

Ар нерсеге, ар кимдин жашоосуна, мүлкүнө кызыгып, өзүндө барга көңүлү толбогон аял. Башкаларын турмушуна көңүл бурам деп, өз үй-бүлөсүн унутуп коёт. Эң жаманы кызыгуусу тез тарайт. Ошондуктан, ал бүгүн сатып алган кийимин эртең кийгиси келбейт. Көргөнүн алып бер деп күйөөсүн кыйнайт. Кайсы жерде кафе, ресторан ачылса, сөзсүз барыш керек деп эсептейт. Мындай аялдын күйөөсүнүн башы карыздан чыкпайт.

Өзүн гана ойлогон аял

Бети-башын боёп, сулуулануу менен убара болот. Көйгөйдү, жок нерсени тамакка отурганда айтып, уруш чыгарат. Мындай аял өзүн гана ойлойт. Күйөөсүнө боору оорубайт. Өзүнүн сулуусугунан эч нерсе аябайт. Күйөөсүнүн башына оор иш түшсө, оңой эле таштап кете берет.

Калп сүйлөгөн аял

Аны дароо таанууга болот. Ал кербезденип жасалма сүйлөйт жана сөзү көп. Көп сүйлөгөн жаман эмес, бирок психологдор көп сөз калп айтууга алып барат дейт. Калпты көп айткан аял каратып туруп сатып кетиши мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости