www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы Канаттуулар фабрикаларынын биринде КР визасынын мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 45 чет өлкөлүк жаранды (анын ичинен 12 Пакистан жана 33 Бангладеш жарандары) аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан соң Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары депортацияланды.

Белгилей кетсек, УКМК терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Последние новости