www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдуу-мыйзамсыз күмөндүү

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берип, 30-апрелде үй камагына чыкты. 

Ошентип, "мен аппакмын, жеген-ичкен жокмун" деп актанган Тенгиз Бөлтүрүк күнөөсүн мойнуна алып, айыптуу катары шериктери менен мамлекетке келтирген 1 млрд. 146 млн. 449 миң 161 сом зыяндын, 844 млн. 512 миң 858 сомун төгүп бериптир. Бирок Башкы прокуратура жалпы сумманы гана жарыялап, коррупцияга айыпталган Тенгиз Бөлтүрүктүн өзү канча сумма төлөгөнүн ачык айткан жок. Иттин өлүгү жыттанган жокпу? Эмнеге маалымат ачык айтылбай жатат? Жашырып-жаап, калкалап көз будамайлап, коомчулукка Тенгиз Бөлтүрүктү реабилитация кылуу аракети эмнени билдирет деген суроолордун жообу ачык бойдон турат. 

Анткени, Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы "ачка калдык, күйөөмдүн үч айлыгын бердириңиз" деп президентке кайрылып жатты эле, анан айыпкер катары күнөөсүн мойнуна алган Бөлтүрүк "кусуп" берген миллиондорду кайдан тапты деген күмөн жагдайлар шектенүүнү жаратат. Ошондон улам, эл ичинде Бөлтүрүктү айып төлөдү кылып, "баш айрылса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде" кылып бүтүрүп салышкан жокпу дешип, айып төлөп чыкты дегенге ишенбегендер арбын. Буга анын жакындарынын дагы канча айып төлөшкөнүн жашырып комментарий бербей жатышканы ачык мисал десек жарашат. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жалпы жыйынында “Кумтөр” ишканасындагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө учкай маалымат берип: “Кумтөргө” байланыштуу Эсеп палатасы текшерген, аны менен бирге Башкы прокуратуранын тергөө тобу дагы текшерди. Төрт кылмыш иши козголуп, 1 млрд. 146 млн. 449 миң сом зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө аталган зыяндын 830 млн. сому өндүрүлдү. Камактагы төрт кызматкердин экөө үй камагында. Ал эми сурак берүүдөн баш тарткан Тенгиз Бөлтүрүктү кайрадан суракка чакырылды”, - деп кимдер канча төгүп, үй камагына чыкканын так айтпай бүдөмүктөнтүп жымсалдап жатканы эле көп нерседен кабар берген?..

Сыягы, Тенгиз Бөлтүрүк камакта жатканда жактоочусу Кайсын Абакиров аркылуу, өкмөттө кимдир бирөөгө тоскоолдук болуп жатса, Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин айткан кайрылуусуна ылайык схема иштеп жаткандай... 

Кыскасы, "Кумтөрдү" башкарып турганда каалагандай тайраңдаган Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке миллиарддап зыян келтирип, натыйжада миллиондоп төлөдү аты менен "суудан кургак чыкты" көрүнөт. 

Эсеп палатасынын аудиторлору таап чыккан, Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп, 1 миллион 45 миң сом короткону, Италиядан 180 миллион сомго кеңсе эмеректерин сатып алган ысырапкорлугу, айтор толгон токой кылмыштары "кустурация" деген негизде, мыйзамдуу-мыйзамсыз "кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости