www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев ИИМге суракка чакырылып, бирок камакка алынбаганы, коомчулукта мыйзамды буйлаланган төөгө айланткан кош стандарт тууралуу нааразычылыкты күчөттү.

Адвокат Шердор Абдыкапаров алардын үстүнөн “бийликти басып алуу” беренеси боюнча айып угузулуп, бирок эч жакка чыкпоо шарты менен бошотулганын билдирди. Анан ушул жерден, мыйзам чындап эле баарына бирдейби деген суроо өзүнөн-өзү жаралат. 

Анткени акыркы жылдары социалдык тармактардагы пикирлери үчүн кармалган журналисттерге, активисттерге “массалык башаламандыкка чакырык” же “бийликти басып алууга үндөө” сыяктуу оор беренелер оңой эле тагылып келген. Көпчүлүгү камакта отуруп, тергөө бүткүчө эркиндигинен ажыратылган. Ал эми азыр жогоруда аты аталган “үлкөндөр” жөн гана “эч жакка чыкпоо” тил каты менен бошотулганы коомдук теңсиздикти ачык көрсөтүп турат.

Чынында бул көрүнүш мыйзамдын принципиалдуулугуна көлөкө түшүрөт. Эгерде айып бирдей болсо, чара да бирдей болушу керек. Болбосо, “карапайым эл үчүн бир мыйзам, чоңдор үчүн башка мыйзам” деген түшүнүк бекемделип, укуктук мамлекет тууралуу сөз куру ураанга айланып калат.

Айрыкча, Камчыбек Ташиев мурда дал ушундай беренелер менен айыпталган адамдарга карата катуу позиция карманып келгени эске түшөт. Ошондо мыйзамдын катаалдыгы негиздүү деп түшүндүрүлчү. Эми ошол эле талаптар өзүнө келгенде жумшарып калганы коомдук ишенимге сокку урууда.

Мыйзамдын күчү анын тандалма эмес, бирдей иштешинде. Эгерде бийлик өкүлдөрү же мурдагы жетекчилерге өзгөчө мамиле болсо, анда адилеттүүлүккө болгон ишеним солгундайт. Ал эми ишеним жоголгон жерде туруктуулукту кеп кылып болбойт.

Последние новости