www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан өлкөнүн аймагында КМДБнын жана ДИМКнын каттоосунан өтпөй эле мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан 60 мечит аныкталды. Алардын 33ү Сузак районунда болсо, Базар-Коргондо – 2, Ноокенде – 5, Аксыда – 3, Чаткалда – 5, Токтогулда – 1, Тогуз-Тородо – 7, Жалал-Абад шаарында – 3, Майлуу-Суу шаарында – 1. 

Жогорудагы сандар өлкөнүн Муфтиятынын бул жааттагы ишмердиги начар жолго коюлганын, же өлкөдө канча мечиттер иштеп жатканы боюнча маалыматы жоктугунан кабар берет. КМДБ маселени колго алып, көзөмөлдү күчөтпөсө болбойт!

УКМКнын бул багыттагы жүргүзүп жаткан иш-аракети жакшы болууда. 

Cалттык эмес диний агымдардын идеологиялары боюнча билим берүү, тыюу салынган агымдарды окутуп-үйрөтүү мамлекеттин ички коопсуздугу үчүн коркунучтуу экени айтпаса да түшүнүктүү. 

Андыктан, мыйзамсыз диний көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, аларды уюштургандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлүшү зарыл. Диний тескери агымдарга азгыруу аракеттери жашыруун иштеген медреселерде, уруксаты жок иштеген мечиттерде көбүрөөк орун алышы сокурга да көрүнүп турат. 

Демек, мамлекет тыюу салынган диний уюмдарды, диний мекемелерди тынымсыз көзөмөлгө алып, алардын ишмердүүлүгү Билим берүү министрлиги, УКМК тарабынан ар дайым текшерилип турушу милдет.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости