www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өйдө баратса «өш» деп койгонго жарабаган Эмилбек Абдыкадыров деген мэр бар. Муну акча менен бийликтен башка эч нерсе кызыктырбайт. Координациялык кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго катуу эскертүү берип жатып, "Сиз өзүңүздүн сөзүңүзгө каршы чыгып жатасыз", - деп ач күзөндөй болгон Бишкектин мэрине катуу айтты: "Сиз азыр эле бардык маселе Мамкурулушта экенин айттыңыз – алар мыйзамсыз курулушка уруксат беришет. Ал эми бул киши вице-мэр Абдиев Мамкурулушту жетектеп турган. Ошон үчүн анын ушундай бизнесте экенин билип туруп, эмнеге вице-мэрликке койдуңар деп сурап жатабыз. Бардык суроолор ушуга байланыштуу", - деди Зулушев.
Башкы прокурор мындай кызматтарда таза адамдар иштеши керектигин айтып өттү. "Эгерде кандайдыр бир пункттар болсо, анда алар кызматтан алынышы керек", - деп кошумчалады ал. Буга чейин Бишкек шаарынын мэри мыйзамсыз курулуштарга уруксат кагаздарын Мамкурулуш берип жатканын айткан: "Эгерде баары Мамкурулуштун карамагында болуп жатса, башаламан курулуштар менен кантип күрөшөбүз: алар уруксат беришет, экспертиза жүргүзүшөт, объектилерди кабыл алып, өздөрү текшерет. Биз борбордо курулуш саясатын жүргүзүшүбүз керек, бардык чоң шаарларда мындай практика колдонулат, мисалы, Москвада да, Алматыда да», - деп кошумчалады ач көз мэр Эмилбек Абдыкадыров.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин жыйындын жүрүшүндө Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мамкурулушту көптөгөн мыйзам бузууларга жана коррупцияга айыптады.
Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетибаев анын пикирине кошулуп: «Мамкурулуштун мурдагы жетекчиси Бактыбек Абдиев Асаналиев жана жеке адамдар менен биргеликте туруктуу коррупциялык схеманы жана топту түзүп, Бишкектин түштүк аймагындагы бардык мыйзамсыз курулуштарды жүргүзгөн», - деп күнөөнү барын вице-мэрге түртө салды.
Ал Мамкурулуштагы коррупция бир жерден башталып, ал жерде «Абдиевдин адамдары» да, анын ичинде жубайы да отурганын дагы бир ирет баса белгиледи. «Абдиев Мамкурулушка келип, кетип жүрүп, эми азыр Бишкектин вице-мэри болуп отурат», - деди Жетибаев. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда өткөн курулуш жана көзөмөл боюнча координациялык кеңештин жыйынында курулуш тармагындагы көйгөйлөр талкууланды.
Жыйында кадр маселесине активдүү комментарий берген Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири экендиги белгилүү болду. Мамкурулуштун жетекчиси Жетыбаев Бишкек шаарынын мэри Абдыкадыров менен «Бишкекпландын» жетекчиси Асаналиев «Нур Строй Монтаж» ишканасы аркылуу байланышта экенин айтты.
Асаналиев жана анын «Ардак» фирмасы «Нур Строй Монтаж» ишканасын долбоорлоо менен алектенген. Демек ким коррупция жасаса көтөрүлөт окшойт...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg