www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалган сандар менен манипуляция кылуу - бийликтин калкты башкаруунун бир каражаты. Мындай пикирин журналист жана коомдук ишмер Эсенбай Нурушев NazarNews маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанды жетектегенге келген ар бир бийлик – өлкө экономикасы талкаланып калыптыр, казына бош, абалды оңдош керек дейт жана андан соң – биз муну оңдодук, биз тигини жакшырттык, биз эң туура өнүгүү жолун тандап-таптык деп мактанат. Мунун баары Акаевден башталган жана андан кийин келген ар бир бийлик ушул жол менен келе жатат.

"Бул адат Акаевдин убагында башталган. Ал кайсыл жерге барбасын, социалисттик системага кирген өлкөлөрдүн алдында келе жатабыз деп айтып келген. Ал эми эл анда итке минип калган. Эми, мындайча айтканда, бийлик менен реалдуу турмуштун ортосунда ажырым болуп калган. Мындайды биз Бакиевдин учурунда да көрдүк. Элдин жашоосунун анык жүзүн билбей туруп, салыктарды көтөрүп жиберген.

Акырында ал бийлик эмне болду, баарыбызга белгилүү. Ал эми Атамбаев болсо Борбор Азиядагы эң бай өлкө болобуз деп куру убада берген. Ошол себептен, элдин бийликке болгон ишеничи кеткен. Бийлик чынын айтса дагы, болгонун болгондой, реалдуу сандарды айтса дагы эми эл ишенбейт. Себеби - ар бир келген бийлик жалганды айта берип, элди көндүрүп койгон. 

Илгерки философтордон калган сөз бар. Бийлик жалган айтканды билбесе, анда элди башкара албайт деген. Жалган сандар менен манипуляция кылуу - бийликтин калкты башкаруунун бир каражаты деп айтсак болот. Бул жеке эле биздин өлкөнүн бийликтерине тиешелүү эмес. Дүйнөдөгү ири державалардын бийликтери деле ушул ыкманы колдонушат. Мисалы, АКШ менен Орусия бийликтери да баары жайында экенин айтып, элин алдап жатат. Элди манипуляция кылып, алдап турбаса бийлик бийлик болбой калат.

Дүйнөдө дүркүрөп өнүгүп, «азиялык жолборс» деген атка конгон Сингапурдун жетекчиси Ли Куан Ю өз өкмөт мүчөлөрүнөн – эмне болуп кетсе дагы, элге калп айтпагыла, болгонун болгондой маалымдап, абалды оңдогонго аракеттенгиле деген талап койгон. Анткени эл реалдуу чындыкка көнөт деген. Мындайча айтканда, чындыкты бурмалабаган бийлик гана эл ишенимине жетет", - дейт коомдук ишмер Эсенбай Нурушев.

Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги, материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана берилет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости