www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин «Кыргыз Милициясы» аталышындагы толук түстүү, 64 беттен турган журналы бар. Ар квартал сайын жарык көрүп келет. Аталган журналга ички иштер тармагында эмгектенген кызматкерлер аткарган иштери, баскан жолдору, кыял-максаттары ошондой эле үй-бүлө жана жан дүйнө жаатында маек куруп келишет. Бүгүнкү каарманыбыз Панфилов РИИБдин Катчылык кызматынын тескөөчүсү, милициянын капитаны Карасартова Алина Эркебековна болду. Чогуу окуйлу…

СЫЙЛЫКТАР ЖАНА СЫЙЛЫКТАР…

…Спорт-ден соолуктун булагы. Спорт-биздин жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Ооба, спорт жөнүндө кандай гана  кептерди айтсак да, жазсак да жарашат, анткени чындыгында ошондой. Спорт аркылуу дүйнөгө атагы чыгып, Кыргызстандын Туусун бийик көтөргөн инсандар, албетте, жалпы кыргыз элинин сыймыгы…

Окурманым, бүгүнкү кепти спорт жөнүндө баштаганымдын да себеби бар, каарманым милициянын капитаны Карасартова Алина Эркебековна кызмат менен спортту кошо ала жүргөн офицер айым. Мектепте окуп жүргөн кезинен баштап жеңил атлетика менен машыгып келген Алина, окуучу кезинде биринчи жолу Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатына катышып, алдыңкы орундардын бирин багындыра алган.8-класстан тарта кол күрөш, аралаш жеке күрөш сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгып, облустук, республикалык таймаштарда байгелүү орундарга ээ боло алган.

2010-жылы орто мектепти аяктаган Алина Карасартова ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясына окууга тапшырат. Спортту унутта калтырбаган курсант кыз Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында кикбоксинг боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышып, 2-орунду багындыра алат. Андан кийин кол күрөш боюнча Россияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка чакыруу алып, кыл чайнашкан таймашта 3-орунга татыктуу болгон. 

Алина учурда да кызматы менен катар спортту кошо ала жүрүп, ИИМ чемпионаттарында байгелүү орундарды камсыздап келе жатканын айта кетели.

БАШАТ ЖАНА БАЛДАР ДҮЙНӨСҮ

Академияда окуп жүргөн жылдары А.Карасартова аймактык тескөөчү, жаш балдар менен иштөө боюнча кошумча сабактар өтүлгөн багыт боюнча билим алат.  Балдар менен иштөө инспекциясынын ишмердигине мурдатан кызыгып жүргөн курсант кыз окуусун бүтүргөндө дал ушул багыт боюнча иш алып барууну пландаштыра жүрөт. «Жаштын тилегин берет» дегендей, дипломун колго алып туулуп өскөн жерине кайткан милициянын лейтенанты А.Карасартова балдар менен иштөө инспекциясына тескөөчү болуп дайындалып, ишке киришет.

Насаатчысынын айткандарын кулагына түйүп, кызматына киришкен Алина алгач мугалимдер жамааты, окуучулар менен таанышат. Мектептин жамааты тескөөчүнү «Биздин кыз» деп абдан жылуу тосуп алышат, анткени Алина дал ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн бири эле. Соцпедагог менен тыгыз байланышта ишти баштаган каарманым, алгач кырдаалды толугу менен изилдеп алат. Андан соң, айрым окуучу балдар менен жеке аңгемелешүүлөрдү жүргүзүп, айрымдарынын үйлөрүнө барып дегендей, ишке баш-оту менен кирип кетет…

САКТАЛГАН ӨМҮР ЖЕ МЭЭРИМГЕ МУКТАЖ БАЛАЛЫК

Кеп арасында милициянын капитаны балдар менен иштөөдөгү алгачкы аракеттер, жыйынтыктар тууралуу айтып, негизги көңүлдү алдын алуу иштерине буруу зарыл экенин белгилеп кетти. «Азыр интернет аркылуу балдар каалаган нерселерди таап чыгып, көрө алышат. Анын ичинде жакшы да, жаман да нерселер бар.Жаман адаттар жугуштуу болот дегендей, балдар жакшысынан да, жаман нерселерге таасирленген учурлар аз эмес, андыктан балдар арасында зыяндуу адаттардан алыс болуу, спирт ичимдиктеринин, тамекинин, баңгизатынын зыяндуулугу ж.б. жөнүндө лекцияларды окуганга аракеттенип, рейддик иш-чараларды көп өткөрүүнү колго алдык»,-дейт өз сөзүндө А.Карасартова.

Ошентип, иштеп жүргөн мезгилде тескөөчүнүн көзүнө бир окуучу кыз чалдыгып калат. Ал кыздын баскан-турганына энеси анчалык көңүл бурбагандыктан уламбы же сөзү өтпөйбү, айтор, кыз энесин тилдеп сала турган адаты бар экени белгилүү болот. Бир күнү Алина кесиптештери менен рейд өткөрүп жүрүп, ал кыздын караңгыда сууга түшүп жатканын байкап калышат. Тартип сакчылары тезинен кызды суудан алып чыгышат. Кыздан спирт ичимдиги жыттанып, тактай келишсе ал жашоодон «тойгондугунан» улам ичип алып сууга түшкөнүн айтат... Окуя боюнча кыздын ата-энеси чакыртылып, тийиштүү чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.. Балким, ошондо кызматкерлердин кыраакылыгы болбогондо, окуя кандайча аяктайт эле, бир Кудай билет…

ТАРБИЯ СЫРЛАРЫ ТЕСКӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН…

Каарманым менен андан ары балдарга туура тарбия берүүнүн жолдору тууралуу  маектешип, анын бул боюнча оюн билүүгө кызыктым. «Биринчи кезекте ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу керек, анткени балдарга ата-эненин тарбиясы абадай, суудай керек. Баладагы жакшы сапаттардын пайдубалын түптөгөн ата-эне, ал эми мектеп аны окутуп, билим берет. Ата-эне өз кезегинде өзүнүн жүрүм-туруму менен балдарга үлгү болушу зарыл, анткени үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту көрүп, жагымсыз чөйрөдө чоңойгон бала кийин ошол көргөн нерселерин өз жашоосунда кайталайт. Андан сырткары, күнүмдүк ишиңде кыраакы болуп, элге аралашпай, өзү менен өзү жүргөн балдарды көз жаздымда калтырбаш керек. Андай балдар менен жеке аңгемелешүүлөрдү жүргүзүп, көйгөйдүн очогун, себебин аныктап чыгуу зарыл. Жеке аңгемелешүүдөн кийин сөзсүз түрдө ата-энелер менен бирдикте иш алып баруу керек, анткени дал ошондо гана баланы туура жолго салып, жасаган аракетиңден майнап чыгара аласың», - дейт өз оюн ортого салган милициянын капитаны.

«Кыргыз Милициясы» журналы

Последние новости