www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мырзаңыз кайсы айда төрөлсө, жашооңуз да ошондой болот!

Январдын эркеги

Бул эркектер өтө шашма жана тартынбаган адамдар болушат, бирок калп айтканды билбейт, аны баалаш керек. Январдын эркектеринде аларды каалаган максатка жеткирчү лидерлик сапат бар. Эгер сиз анын өзүмчүлдүгүн кечире алсаңыз, анда ал сизди бактылуу кылат.

Февралдын эркеги

Кызыктуусу, февралдын эркеги бир убакта эле күчтүү жана жумшак көңүл болушат. Анан дагы келечек тууралуу дайым ойлонуп, маанилүү чечимдерди бат жана туура кабыл алгандыгы – анын күчтүү сапаты болуп саналат.

Марттын эркеги

Марттын эркеги ар кандай авантюраларга катышканды жактырбайт жана эгер өзүнүн чын экенине ишенсе, эч качан бирөө менен макул болбойт. Ал катуу тартипти сактайт, айланасындагы адамдарды дагы ошондой болуусун талап кылат. Мамилелерде лидерлик позицияны тандабайт, ошондуктан ресторан менен кинону өзүңүз эле тандай берсеңиз болот.

Апрелдин эркеги

Перфекционисттер – баардык нерседен идеалга жетүүнү максат кылышат. Өзүнүн экинчи жарымына абдан назик жана жумшак көңүл болот, бирок керектүү кезде катуу дагы болуп коё алат.

Маани берчү кичинекей пункт – тазалыкты абдан жактырган адам, майда-чүйдө тактарды кечирбейт.

Майдын эркеги

Майда төрөлгөн эркектер баардык нерсени дайым өзү каалагандай кылат, бирок өз күчүн эсептей билишпейт. Ошондуктан алардын ишке ашпай калган нерселери арбын болот.

Июндун эркеги

Июндун эркектери коомдун көз карашына башын оорутпайт, себеби алар өзүнүн кыйындыгына жүз пайыз ишенишет. Айымдарды өзүнүн акылы жана сүйкүмдүүлүгү менен тартат.

Июлдун эркеги

Бул айда төрөлгөн эркектер абдан жайбаракат жана сабырдуу болушат, ниети таза эмес адамды жанына жолотпойт, бирок ишенчээктигинин айынан көп жабыркайт. Жакындарынан ага кээ бир убакта жетишпей турган коргоо менен коопсуздукту издейт.

Августтун эркеги

Бул эркектер ишенимдүү адам жана мыкта ата болушат. Адамдарга жардам бергенди жактырышат жана андан ырахат алышат. Элди эң жакшы башкара билген мыкты жетекчи болушат. Бир нерсени эки жолу айтканды жактырбайт, анын стили кыскалык жана нускалык.

Сентябрдын эркеги

Сентябрдын эркеги болуп жаткан нерсенин көңүл чордонунда болуусу үчүн достору менен кесиптештеринин назарына муктаж болушат.

Алардан жакшы башкарма чыгышы мүмкүн, себеби, оңой эмес кырдаалдарда дипломаттык талантын көрсөтөт. Бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөргөндү жактырат.

Октябрдын эркеги

Октябрдын эркегинде логика менен интуиция жакшы өнүккөн. Булар өз керт башына тийешеси жок жоруктарды кылганга жакын, бирок андан өзүнө пайда чыгара алат.

Ноябрдын эркеги

Ойчул жана олуттуу, салабаттуулукту баалайт жана ар ким менен тил табыша алат. Мамилечил, бирок жалгыздыкта болгусу келген көз ирмемдер да болот. Эгер ушул эркекти тандасаңыз, анда билишиңиз керек – ал олуттуу мамилеге муктаж. Жайлуулук менен тынчтыкты жактырып, бош убактысында үйүндө болгонду тандайт.

Декабрдын эркеги

Бул айда төрөлгөн эркек эмгекчил жана дымактуу болот. Жашоодо өзгөрүүлөрдү жакшы көрөт, себеби бир түрдүүлүктөн бат тажайт.

Мамиледе өтө эле консервативдүү, анын аялы жумушта иштебеши керек, себеби, ал өзү үй-бүлөсүн жалгыз камсыздай алат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости