www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров: Орточо эмгек акы жогорулап, 22 927 сомду түздү

2022-жылдын январь-май айларында орточо эмгек акы 22 927 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, орточо эмгек акынын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алганда 6,2 пайызга өскөн.

Чиновник кошумчалагандай, эң олуттуу өсүш саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө тармагында 52,6 пайызга, искусство, оюн-зоок жана эс алууда - 48 пайыз, билим берүү - 28,3 пайыз, тоо-кен тармагында - 24,3 пайыз, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө - 21,3 пайыз, транспорт иши жана товарларды сактоо - 19,5 пайыз, курулуш - 18,2 пайыз, мейманканалар жана ресторандар - 17,2 пайыз, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 16,6 пайыз, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк - 15,7 пайыз, кыймылсыз мүлк менен операциялар - 14,8 пайызга өскөнү байкалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости