www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азырынча кээ бир министрлер жана мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликтен качып, жарандык коом менен тыгыз байланышта иш жүргүзө элек. Убакытты созуп, мурункудай көнгөн терс адаттары менен жүрөт, бирок кадимкидей мамлекеттик казынадан айлык акы алып, кабинеттеринде бир ишинин дайыны жок, эртели кечке күн кечирип чалкалап жаткандары баарыбызга белгилүү.

Жарандардын үн-муңун, ар тараптуу көйгөй маселелерин угууда жана аларды көпкө чейин жалдыратып ыйлатпай, алар менен болгон байланышты бекемдеп, эффективдүү кабыл алуу процесстери жооптуу ыкчам иш аракеттер кызуу жүрүшү абзел.

Учурда мамлекеттик башкаруу системасы чоң өзгөрүү алдында турат: 1. Жоопкерчилик, 2. Көзөмөл, 3. Иш-аракеттер, 4. Эффективдүү кабыл алуулар жана отчеттор, 5. Терең анализ.

Жаңы, даяр мамлекеттик башкаруу системасы эч кимди ылгап тандабайт, алдабайт, жана аяп да койбойт. Ал система сааттай чыкылдап иштеп, мамлекеттин бардык кызматкерлерин дыкат көзөмөлдөп, эффективдүү иштете алат.

Мисалга алсак: Система А.Жапаровду же К.Ташиевди, У.Ниязовду жана ошондой эле бардык министрлерди тандап бөлүп карай албайт, тескерисинче, алардын бардыгын жоопкерчиликтүү, эффективдүү, адилеттүү иштөөгө алып келет же система өзү жумуштан алат же камайт.

Муну менен биз өлкөдөгү буткүл башкаруу системасын өзгөртүп, коррупциялык схемалардан арылтып, мамлекеттин ичиндеги чыккынчыларды кошо жоюуга зор мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ыкчам таза иштеп, жөнөкөй жарандар үчүн өтө ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Мыктыбек Аширбай уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости