www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз экс-президент Роза Отунбаевага Оштун тагдырын айтып, ортодо чыр чыкпашы үчүн алдын ала чараларды көрүүсүн эскерткенбиз», - дейт эск-депутат Надира Нарматова. Бул тууралуу ал «Иш Күндүн Кечи» берүүсүндө билдирди.

«2010-жылдагы Ош окуяларында мен, Жылдыз Жолдошова башка саясатчылар менен катар окуя болгон жерде жүргөнбүз. Жада калса 7-июнда Роза Отунбаева президент болуп турган кезде ага келип дээрлик 42 мүнөт Оштун тарыхын түшүндүрүп, кан төгүүлөр болуп кетпесин, алдын ала чараларды көргүлө деп айтып кеткенбиз.

Мен бул нерсени буга чейин айткан эмесмин. Мына Ош окуясына 10 жылдын жүзү болду. Биз ошондо «Энелер коомунун» атына келип, сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Тилекке каршы буга карабай 10-июнда кагылышуу чыгып кетти.

Эске салсак, 2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында «Июнь окуясы» деп аталган улуттар аралык чыр чыккан. Аталган аймакта, анын ичинде Ош шаарында болгон окуя адам өлүмү менен коштолгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости