www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевдин мандаты боюнча соттук териштирүү уланат

Бишкек шаардык соту бүгүн, 25-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берилген Жогорку Кеңештин депутатынын мандатына байланыштуу ишти кароону улантары күтүлүп жатат.

Шаардык сот 15-декабрда даттанган тарап Темирлан Ормуковдун ооруп калышынан улам кийинки жараянды бүгүнкүгө жылдырган.

23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзам бузулган деген жүйө келтирген.

Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу чечимди саясий деп баалаган. Көп өтпөй Ормуков административдик соттун чечимине нааразылыгын билдирип, шаардык сотко кайрылган.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп арыз жазган.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап келатат.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду эки жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып камактан чыгарган. Иш ушул тапта кайра каралып жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости