www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик саясий өнөктүктөр өткөнчө митингге чыгуу жана башка талаптарды 6 айга чейин токтотуп, маратория жарыялап турса болмок. Мындай пикрин экс-депутат Надира Нарматова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Президент өзү каалагандай команда түздү. Техникалык Өкмөттүн курамы ЖКтен шайланды, Президентке, ЖК, элге ант беришти. Президент өз командасы менен алдыга койгон максаттарын аткарат буюрса. Өз командасы болбосо баякы эле мамайдын көрү болот.

Сабыр кылып, мүмкүнчүлүк берип үйрөнөлү! Бийлик саясий өнөктүктөр өткөнчө митингге чыгуу жана башка талаптарды 6 айга чейин токтотуп, маратория жарыялап турса болмок. Бийлик багытты туура тандап, жолго түшүш үчүн, тынчтыкты сактап берели. Демократияны, адам укугун чектөөгө жатпайт. Ачык сүйлөп, ой пикир айтканга социалдык сайттар, ММКлар, түз эфир, түрдүү ТВлар аркылуу пикир билдирсе болот. Ултиматумду биротоло Конституция кабыл алуу, референдум өткөрүү, ЖКке, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткрүп, толук кандуу мыйзам талаасына түшкөнчө сабыр кылып туралы. Талап коюуунун да чеги болуш керек. Отурса опок, турса сопок кылып, моралдык психологиялык басым жасап турушса, антип койдуң, мынтип койдуң деп, баарыбыз кеңешчи, саясий серепчи болуп, тынбай ар жерден сороң этип чыгып сүйлөп, тынчтык бербей жатканыңар, Кудайга, мыйзамга, адамгерчилике жатпайт. Ишенип шайладыкбы, Президентке, командасына мүмкүнчүлүк берели.

Кыргызстандын 80% эли колдоду. Ушу тынч жата албай, көчөдө кыйкыргандар эле шайладыңарбы. Элдин атынан сүйлөгөнгө ким укук берди силерге. Күндө график кылып алгандай топ, топ болуп, элдин тынчын бузганыңардын азабын тартасыңар. Кудайга шүгүр дебей, баарын ээлешибиз керек деп, эки айлык ПМликти ыраа көрбөй кыйкырганыңар башыңарга жетпесе болду. Болгонуна шүгүр кылгыла. Тооба кылгыла. Садыр Жапаров аваңарды сыйласаңар, айтканын колдоп, тынч отургула. Иштешсин.  Өкмөт башчы Улукбек Марипов өзүн пиар кылгандан алыс, аз сүйлөп, көп иш кылган, натыйжага көп көңүл бөлгөн, чечкиндүү кадамдарга, бурулуштарга, кескин реформа жасаганга мүмкүнчүлүгү бар кадр. Сөзсүз көчөгө чыгып, көрүнгөнгө асылып, кыйкырган, ар топто секирип, интрига уюштуруп, ар топко бир жармашып, тийип качып жүргөн кадр күчтүү болуп эсептелбейт. Кадр жылдап даярдалат. Бир күн кыйкырып, төңкөрүшкө катышкан адам мекенчил, жакшы кадр деп эсептелбегендигин билебиз.

Төңкөрүштү биз кылдык деп, колко кылган деле болбойт. Өлгөн Үмүттү, көзү көрбөй калган балдарды моралдык, материалдык жекече бийлик тарабынан колдоого алып жатышат. Үмүтдүн арбагын тынч койгула кечке колко кылып айта бербей. Садыр Жапаровдун, акырындап, бышып жетилген кадрды аңдап, түшүнүп Мариповду сунуш кылгандыр.

Жалпы элге айтпай турган мамлекеттик сырлар болот. Көрдү жарга кыстап,такагандай Президентти «биз каалаганды койосуң» - деп, тепкилей берген болбойт жакшыларым. Ачык айтылып Өкмөттүн курамы 2-3 айга, Конституция кабыл алынып, мыйзамдуу жолго түшкөнгө чейин иштейт деген сөз болду.

Президенттин да кадыр баркына доо кетирип, эмнеге койдуң деп, чыры чууга түшуп, тата, пата деп, митингге чакырган болбойт.

Эсиңерге келгиле,тынчтык жол менен чечишип, сүйлөшүп, бир пикирге келүүнүн эмне оор жолу бар. Сөзсүз көчөгө чыгыш керекби? Тытышып олтуруп беш айды кетирип жатабыз. Элдин жашоосу күндөн күнгө оорлоп жатат. Келгиле пейилди оңдоп, ниетти түздөп Президент өзү тандаган мыйзамдуу Өкмөттүн курамын тааныды, бир команда болуп, жоопкерчиликти алды деп түшүнөлү!

Кабыл алалы ишеним берели! Ишенип үйрөнөлү! Элдин тагдырына,мамлекеттин тагдырына өз командасы менен жооп берет. Сурай турган убак келгенде суралат. Жооп беришет. Азыр тоскоолдук кылбайлы. Иштешсин. Мүмкүнчүлүк түзүп бергиле жакшыларым. Тынчтык болбосо, кайдагы жылыш, өсүп, өнүгүү болот.

Митингден эл тажады. Митингчилер чыры, чууңар орунсуз. Ынсапка, ыйманга келгиле», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости