www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын дарыясына түшүп кеткен бала изделүүдө

Бүгүн, 5-апрелде  Нарын шаарынын Ленин жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинен 5 жаштагы бала Нарын дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, окуя болгон жерге дароо 40 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган. Издөө иштерине ички иштер органдарынан 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Учурда издөө-куткаруу иштери улантылууда.

Кошумча маалымат берилет.

Последние новости