www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда катуу тиричилик калдыктарынын полигондорун жана таштанды төгүүчү жайларды инвентаризациялоо жүргүзүлүп, 74 таштанды төгүүчү жай бар экени аныкталды.

Бул иштер Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаевдин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери облустагы бардык айыл аймактарга жана шаарларга жеринен барып, таштанды төгүүчү жайлардын абалын текшерип, маалыматтарды такташкан.

Инвентаризациянын жыйынтыгында Нарын облусунун 27 айыл аймагында жана 1 шаарында жалпы 74 таштанды төгүүчү жай бар экени аныкталган.

Инвентаризациянын негизги максаты — таштанды төгүүчү жайлардын санын жана жайгашкан жерлерин тактоо, алардын учурдагы абалын баалоо жана катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча мындан аркы иштерди пландаштыруу.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн башка аймактарында да таштанды полигондорун жана төгүүчү жайларды инвентаризациялоо иштери улантылат.

Последние новости