www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда салыктык каттоодон өтпөгөн 11 чет элдик компаниянын электрондук сервистерине өлкө аймагында чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Тизмеде Telegram, Microsoft, Sony, Alibaba, Twitch, Valve, Epic Games, Electronic Arts, VK, Dropbox жана Pinduoduo компаниялары бар.
Маалыматка ылайык, 2024–2025-жылдары бул компанияларга кыргызстандыктардан 13,2 млрд сомдон ашык суммада 15,9 млн акча которуу жасалган. Эң көп каражат Pinduoduo, Alibaba жана Microsoft сервистерине туура келген.
Салык кызматы компанияларга бир нече жолу эскертүү берилгенин билдирип, талаптар аткарылбаса, тиешелүү органдарга кайрылып, сервистерге кирүүнү чектөө маселеси көтөрүлөрүн эскертти.