www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-март күнү саат 18:50 чамасында Нарын шаарынын 64 аймагынан белгисиз жаран тарабынан “Митсубиси” үлгүсүндөгү автоунаа эки жаранды сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты ошол эле күнү Нарын ШИИБи тарабынан катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу төмөнкүлөрдү аныктаган: Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндө жайгашкан “Бишкек Петролиум” май куюучу жайынын маңдайында, чыгыштан батышты карай жайгашкан автоунаа жолунда “Митсубиси Лансер” үлгүсүндөгү автоунаа эки жаранды сүзүп токтогон.

Жабырлануучулардын өздүгү такталып, алар Нарын шаарынын тургундары – 1970-жылы туулган К.С. жана анын жубайы 1974-жылы туулган Г.А. экендиги аныкталган. Экөө тең тез жардам кызматы аркылуу Нарын облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Ал эми автоунаанын айдоочусу – Нарын шаарынын тургуну, 2003-жылы туулган Н.Д. Нарын облустук ооруканасынын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп, спирттик ичимдик колдонбогону аныкталган.

Айдоочунун көрсөтмөсүнө ылайык, ал унаасы менен Шералиев көчөсү аркылуу бара жатып, жолдо токтоп турган “КИА” үлгүсүндөгү автоунаадан озуп өтүүгө аракет кылган учурда каршы тилкеге чыгып, кырдаалды көзөмөлдөй албай жөө бара жаткан эки жаранды сүзүп алган.

Учурда жабырлануучулардын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Белгилей кетсек, айдоочу Н.Д. Чек ара кызматында кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу топтолгон материалдар Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.

Последние новости