www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта Нарын облусунун тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун тургуну 1987-жылы туулган Ө.А.нын үстүнөн Талас ШИИБине 18 арыз катталган. Шектүү Талас шаарынын аймагында ар кандай шылтоолор менен жарандардын ишенимине кирип, алдоо жолу менен акча каражаттарын, мүлктөрүн (уюлдук телефондор, автоунаалар) сатып акча каражаттарын бербей качып жүргөн.

Келтирилген жалпы чыгымдын суммасы 10 миллион сомду түзөт.

Милиция шектүүнүн аракетинен жабыр тарткан жарандарды - 0 (702) 554 299, 0 (501) 717 120 (нөөмөт бөлүмү), 0 (342) 252 310 телефон номерине кайрылууну суранат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости