www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор,  Нарын РИИБү, Нарын шаардык ички иштер бөлүмү жана Нарын ОИИБинин милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкелери эл арасында учурдагы кырдаалга байланыштуу түшүндүрүү иштери тынымсыз  жүргүзүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары ар бир район аймагында жайгашкан соода-түйүн борборлору, базарлар, дарыканалар, тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кыдырылып, кардарларды бет капсыз киргизбөөлөрү эскертилди. Анын алкагында соода борборлорунун айрымдарына эскертүүлөр берилсе, айрымдарына айып пулдар салынды.

Ошондой эле Нарын облсунун аймагында жалпы  республикалык тестирлөө өткөрүлүп, анда өспурүмдөр арасында аталган илдеттин жайылып кетишин алдын алуу максатында аралыкты сактоолору камсыздалып, милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында коомдук коопсуздукту көзөмөл кылышып эч кандай тартип бузуу фактыларына жол беришкен жок.

Жайкы каникул убагы башталгандыгына байланыштуу шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору бир катар иш-чараларды уюштуруп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жана рейддерди өткөрүп жатат.

Тилекке каршы, жаш өспүрүмдөр арасында сууга чөгүү фактылары аныкталып жаткандыгына байланыштуу жаш жеткинчектердин ден-соолугун, коопсуздугун, сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу жана санитардык-карантиндик эрежелерди туура сактоо үчүн тыюу салынган жерлерге, көлмөлөргө, агымы күчтүү каналдарга эскертүүчү белгилер орнотулуп, кээ бир жерлердин белгилери өчүп калгандыктан жаңыланып жазылды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости