www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Борбордук аянтта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү баштаган жетекчилер элди куттуктаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.



Муратбек Рыскулов атындагы театрдын жамааты жазгы эмгекти чагылдырган оюн-зоок коюп, маданият кызматкерлери жана таланттуу окуучулар концерттик номерлерди аткарышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү өтүп, соода-сатык жарманкелери уюштурулуп, майрамга келгендерге облустук чек ара башкармалыгы даярдаган сүмөлөк таратылды.