www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош: Нооруз майрамы белгиленди

Ош шаарында көктөм майрамы өтүп жатат. Шаар мэриясынын алдындагы борбордук аянтка жүздөгөн шаардыктар топтолушту. Аларга концерттик программалар тартууланууда. Мындан сырткары аш фестивалы, көркөм кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп жатат.

Шаардыктарды Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош облустук администрациясынын башчысынын орун басары Бактыбек Алайчиев куттукташты.

Бир күн мурун шаардын бир нече жеринде сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн.

2020-жылы Нооруз майрамы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдалган эмес.

Быйыл Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу Нооруз кеңири майрамдалган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости