www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында мергенчилик сезону жабылды

Нарын облусунун аймагында жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу Нарын облусунун мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Адилет Черикчиев кабарлады.

Анын билдиргенине караганда, 31-январдан август айынын биринчи ишембисине чейин жаныбарлардын бардык түрүнө мергенчилик сезону жабылган.

--«Сезон эмес учурда карышкыр, чөө атууга гана уруксат берилет. Ал үчүн мергенчилер Нарын облустук мергенчилер жана балыкчылар коомуна жана Мергенчилик департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, карышкыр, чөө атууга уруксат кагаздарын алуу зарыл. Уруксат кагазын алуу үчүн мергенчилик билети жана мылтыктын ИИМден берилген уруксат кагазы болушу керек. Атылган карышкыр үчүн 6000 сом, чөө үчүн 2000 сом мамлекет тарабынан сыйлык берилет. Атылган карышкыр, чөө атайын комиссиядан өткөрүлөт», - деди Адилет Черикчиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости