www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 7-июнда Нарын шаарында чыккан чырдан улам жаш жигит жамбашка бычак жеди. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Нарын шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Ж.А. арыз менен кайрылып, 7-июнда саат 17:30 чамасында бейтааныш 3 адам менен чырдаша кеткендиктен алар Ж.А.ны сабап, денесине жаракат келтирип, ашкана бычагы менен сол жамбашына бир жолу сайып жиберишкендигин айткан. Анын кесепетинен Ж.А. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган окуя Нарын ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 139-беренеси (Ден соолуккка анча оор эмес зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелип баштаган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости