www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков “кечирим сурасын” деген Нарын элине жооп кайтарды.

Жанагы мени кечирим сурасын деп жаткандарга кайрылуум. Ушул акылдуулукбу? Ушинтип жайыт талашты чечип отурсак оңолобузбу? Бул жигит чогултат боецтерин. А тиги тарапта жокбу боецтер? Ал жакта дагы бар. Анан эмне болот? Эки бир тууган, эки кошуна бири-бирин өлтүрөт, тепкилейт. Анан бул акмакчылык эмес акылдуулукбу? Мен ушул жөнүндө какшап айтсам, “кечирим сурасын, Нарындыктарды акмак деди” деп, ушуга окшогон бузукулар элди козутуп жатышат.

Бул жигиттин чакырыгына укук коргоо органдары баа бериш керек деп ойлойм. Мындай чакырыктар жакшылыкка алып келбейт”,-деп билдирүү жазып чыкты.

Эске сала кетсек, 5-июнь күнү Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кырк-Боз үй аймагына 150дөй киши жайлоого барчу жолду тосуп алган. Алар "Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбейбиз" деп чогулушкан. Аларга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолуккан эле.

Аталган окуя боюнча КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан Нарын элине видеокайрылуу жасаган. Журналист өз кайрылуусунда талашка түшкөн жайлоого бир түтүн эмес, 100 түтүн батаарын айткан.

Көп өтпөй Нарындын эли КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековду кечирим сурашын талап кылышып, журналистке атайын видеокайрылуу жасашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости