www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Самсаалы Четинбаевди кепке тартып, чек ара жана башка маселелер боюнча пикир алыштык.

--Самсаалы мырза, вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун Сох анклавына чектеш жердеги чырлуу маселени чечкени барып, өзбек тараптан кечирим сураганы көпчүлүктү таңгалдырып жатат. Неге кечирим сурады деп ойлойсуз?

--Бизде негизи эле Өкмөт тарабынан чек ара меселесин чечүүдө алгылыктуу иш көптөн бери жүрбөй келет. Эсиңерде болсо керек, Исхак Пирматов башында турган Жогорку Кеңештин комитети бул меселе боюнча бир топ токтомдорду кабыл алып, көрсөтмөлөрдү да берген. Анан эле кашайып ошол көрсөтмөнү да Өкмөт аткара албай келет. Албетте, чек ара маселеси  өтө дыкаттык менен чечилчү маселе. Ошентсе да эмнегедир иш жакшы жүрбөй атат. Чек араны чечүүгө биз кызыктар болгон үчүн ар кандай рычагдарды колдонушубуз керек болчу. Кашайып аны да колдонушпай жатышат. Ал эми Бороновдун өзбек тараптан неге кечирим сураганын өзүнөн сураш керек.

--Ошол жолугушууга Бороновдун спецназ менен барганы көпчүлүктүн сынына кабылды. Ал тургай “спецназ Бороновду эмес, чек араны  кайтарса кана” деген ойлорун да айткандар болду. Бул боюнча недейсиз? 

--Мамлекеттик жогорку кызмат адамы болгондон кийин анын коопсуздугу сөзсүз каралышы керек. Менимче бул нормалдуу эле көрүнүш. Болгону бизде кээде аша чаап кеткен көрүнүштөр бар. Бул жерде да ошондой аша чабуу  орун алса керек. Ошондуктан чыр чыккан жердеги элдер, «спецназ чек араны эмес, Бороновду коргогону келди» деп нааразы болуп жатышкандай.

--Айтканыңызга ынаналы. Бирок, Кубатбек Бороновдун кемпирлердин ыйлап сыктаганына, элдин үмүттүү жал ооруп тиктегенине карабай, журналисттердин суроосуна  одураңдап толук жооп бербей кетип калганы барымтада калбайын деп кооптонгонунан кабар бербейби?  

--Андай учурда элдин таянары бийлик. Бороновдун журналист жигитке тоолук жооп бербей кетип калганын мен да соц.сеттерден көрдүм. Туура эмес кылды. Элдин да, журналистердин да суроолоруна тоолук жооп берип, жылуу сөзүн айтып шашпай эле кетсе болмок. Барымтага  аны ким  алмак эле.

--Кырдаал татаалдашып, чек арада чыр чыккан сайын  премьер-министр эмгек өргүүдөмүн деп жатып албай ишке чыгышы керек дегендер чыга баштады. Премьер-министр ишке чыгышы керекпи же радио жыштыктагы тергөө бүткүчө чыкпай турганы оңбу?

--Премьер-министр эмгек өргүүгө жөн эле кеткен жок, жыштык чырынан кийин кетүүгө аргасыз болду. Менимче анын премьерлик кызматка  кайтып келүүсү да күмөн. Жанагынча (5 миллиард сомдук) көлөмдөгү жыштык премьерсиз эле сатылып кетет дегенге мен ишенбейм. Тергөө калыс жүрсө ачыгын билербиз. Ошол себептен ал өргүүсүн токтотуп, кызматына чыга калган жок.

--Баса, Канттагы орустардын авиабазасы жайгашкан жерди бекер берүү маселеси айтыла баштады. Алдардын аскер тармагына берген жардамын эске алып, аренда албашыбыз керекпи?

--Эч качан бекер бербешибиз керек! Келишимдин гана негизинде тура алат. Эгер келишимди жокко чыгарсак чыгып кетиши керек. Жалпы кызыкчылык болсо, келишим уланып, мындан ары да тура берсе болот. Биз, Кырыз мамлекети бир мамлекеттин жетегинде калбашыбыз керек. Көп тармактуу, өз кызыкчылыгыбызды коргогон, көздөгөн саясат жүргүзүшүбүз абзел. Американын аскер базасын (ЦТП болчу) орустардын диктовкасы менен Атамбаев чыгарып салган. Алар жылына 60 миллион АКШ долларын төлөчү. Жана башка сатып алууларды кошкондо мамлекетибизге 200 миллиондой жылына киреше берчү. Аларды жөндөн жөн эле чыгарып ийгенибиз аз келгенсип, эми минтип күмөндүү келишимдер жөнүндө орус аскер базасы туураалуу сөздөр жүрүп баштады. Бул өтө дыккаттык менен ийне жибине чейин изилденип түзүлө турган келишим. Айрыкча Оруссия менен. Мен бул сөздү баса белгилеп айткым келет. Орустар жакында эле базары да, мазары да бир Украина мамлекетине таандык Крымды күч колдонуп тартып алды. Агалаш (братский) элге ушундай мамиле кылды бизди аяп коёбу. Ошон үчүн авиа база боюнча айтылып жаткан келишим аябай дыкат иликтенип, анан түзүлчү келишим. Кандай маселе көтөрүп, берген жардамдарын айтса да, ижара келишими менен кана тура ала турган келишим түзүлүш керек. Башка вариант болушу да мүмкүн эмес.

--“Чоң казатчылардын” билдирүүсүнөн кийин Кубанычбек Жумалиевдин үйү тинтилип, маалымат тараткан  тараптын өздөрү да суракка чакырылды. Бул туура эле процеспи?

--Мыйзам алдында баары бирдей болушу керек. Мыйзам бузуу оорун алса экөөсү тең жооп берсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости