www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда анализдеринен коронавирус аныкталган миңдей адам ооругандардын саны боюнча расмий статистикага кирбей калган. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

3-июндан бери Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус анализинен аныкталса да, оорунун белгилери чыкпаган жарандардын эсебин өзүнчө жүргүзүп жатат. Оорунун белгилери билинбеген адамдардын саны миңден ашат.

6-июнда эле оорунун белгилери билинбеген 357 адам катталган.

Министрлик өз алдынча эсептин ачылышы өлкөдөгү реалдуу эпидемиологиялык кырдаалды көрсөтөт деген ишеничте. Ошону менен катар мекеме соңку күндөрү коронавирусту жугузуп алгандардын 60 пайызында оорунун белгилери билинбегенин кабарлады. Ошондой эле Казакстан бийлиги коронавирустан өлгөндөрдүн жана коронавируска кабылып, бирок башка оорулары өтүшүп кетип, ошондон көз жумгандардын да эсебин өз алдынча жүргүзөт.

Расмий маалыматка караганда COVID-19дан 53 киши каза тапкан. Бирок бул вирусту жугузуп алып, андан көз жумгандардын саны андан көп экени кабарланып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости