www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен кыргыз саясатындагы  биригүүлөр тууралуу пикир алыштык.

--Турсунбай мырза, шайлоону утурлай жаңы дем деген аталыштагы биригүү саясатчылардын башын кошту.  Кыргыз саясатында биригүүлөр сөзсүз оң жыйынтык берет деп ишенсек болобу?

--Ооба, убактылуу максатка жетүүгө биригүү оң жыйынтыгын берет. Эгер 2000-жылдагыдай мыйзам аркылуу саясий партияларга блокко биригүүгө уруксат болгондо бир жөн эле. Азыр болсо саясий партиялар биригүү үчүн же партиялар аттарын бириктирген жагдай орун алып жатат. Мисалы, «Республика-Ата-Журт» деп же бириккен партиялардын аттары аталбай, кайсы партиянын тизмесине кирсе, ошол партиянын аты менен чыгып жатышат. 2010-жылы - «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен биздин «ЭрК», «Биримдик» партиялары жана 5-6 уюм чыкканбыз, а 2015-жылы КСДП ошондой «терме команда» болуп шайлоого чыккан. Жыйынтыгын өзүңөр көрүп жатасыңар.

--Айтканыңызга ынаналы, биригүү саясатта чоң күч болуудан  кабар береби же тескерисинче эптеп элден колдоо табуунун айласыбы?

--Менин билишимче, биригүүнүн эки чоң себеп бар. Биринчиси, саясатчылардын жеке амбициялары. Экинчиси, саясий партиялардын Жогорку Кеңешке келүү аракети. Көп саясатчынын башын бириктирип жаткан акчалуу саясий партиялар добушту көп алуу үчүн элдин арасында популярдуу саясатчыларды жана партияларды өзүнө тартат. Акчасы жок саясатчылар менен саясий партиялар парламентке өтүү үчүн ошол келишимге аргасыз барат. Ар түрдүү шарлатандарга, саясий сойкулар да дайыма кайсыл бир партия менен (ал партиянын идеологиясы менен чатагы жок!) эптеп бийликке келип алууну өнөкөткө айландырып алышканы эч кимге жашыруун деле эмес. Мындай көрүнүштү Жогорку Кеңештин 5-жана 6-чакырылыштарын салыштырып көрүп аныктасак болот.

--Эски саясатчылар менен жаш саясатчылар бириксе эле жаңы дем, жаңы күч боло калабы?

--Бул суроо риторикалык суроо деп айтар элем. Башка сөз менен айтканда - жоопту талап кылбайт. Эски саясатчылар элди «жаңыландык!» деп алдагысы келет, а жаңы же жаш саясатчылар эптеп Жогорку Кеңешке келип алалы деген ойдо. Азыр Кыргызстанда бийликке кайсы жол менен келип алуу – баары бир болуп калган. Анткени, саясий принциптер, идеологиялык баалуулуктар жоголуп кеткен. Жалпак тил менен айтканда: саясатчылардын бети жокторунун, бет тырмаачылык кыла билгендеринин  жана бети калыңдарынын  доору! «Бет» жөнүндө айтканым жакпаса, анда ырааматылык Осмонов Бекмамат акенин сөзүн келтирейин: «ар бир саясатчынын үчтөн-төрттөн көчүгү болуушу керек!».

--Бүгүн бириккендер эртең эле бири-бирине ор казып, бири-бирин каралап калбайбы?

--«Саясатта дос болбойт, саясатта кызыкчылыктар гана болот» деген Уинстон Черчилдин канаттуу сөздөрүн Кыргызстан 1991-жылдан бери далилдеп келе жатат. Ошондуктан кечээги эле достор, «санаалаш-пикирлештер» бүгүн бири-бирин  ашата сөгүп,  каралап согушуп калышса таң калуунун керек жок. Бул саясат! 1993-жылы «политика» деген сөз кыргыздын «балит» (түштүк диалектисинде - «палит») деген сөзүнөн чыккан деп айткан элем. Бирок оор болсо да саясатта атыңды таза сактап, жаман аттыдан алыс болуп, жүзүңдү таза сактап калуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости