www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нашакорлордун катары жашарып баратабы?

Кыргыз жергеси абдан берекелүү экенин танууга кантип болсун? Менделеевдин элементтеринин баары бар десек болот. Не деген дарылык касиети бар чөптөр өспөйт дейсиң? Бирок, мээни тескери айлантып, коркокту баатыр кылган, мышыкты жолборстой шерденткен дагы бир өсүмдүк өсөт, чиркин. Мына ошонун артынан түшүп, жашоосун “түп-тамырынан” бери өзгөрткөн эрлерибиз бар экенин баарыбыз эле сонун билебиз десек жалганы жок.

Кара куурайдын мекени катары Чүйдү, Кетмен-Төбөнү, Көл тарапты айтып жүрөбүз. Жылда анча-мынча жердеги кара куурайды активисттер, милисанын кызматкерлери оруп жок кылганы менен калган “байлыкты” жыйнап алууга миңдеген жарандар жеңин түрүнө киришкени боюнча маалыматты журтчулук билет. Ал тургай үй-бүлөөлүк подряд катары кызуу иштегендер жүздөп саналат. Жетимиштеги чалдар, керек болсо алтымыштан ашкан энелер бала-чакасы менен кадимки “кырманга” чыккандай мээнеттенишет. Айылдагылар болсо кимдин канча “түшүм” чогултканын, ал каражатка канча кара мал сатып алганын, там салганын, келин киргизгенин, тушоо той өткөргөнүн, унаага ээ болгонун бүт көз алдынан өткөрүп турушат. Бекер өскөн чөптүн эмнесин корушат деп кейреңдеп калгандар чекеден чыгат. Мамлекет бербесе, ошентип өзүлөрү аракет кылат да дешип шыпшынгандар толтура.

А бирок, жаш балдардын тагдыры талкаланып жатканы боюнча булар баш ооруткулары келбейт. Көп болсо эки жыл түрмөдө жатып келет да деген ойлор мээлерин тумандатып жатканы да ырас. Ал эми ошолордун “кызылынан” табылган акчага ортоктош болгон милисалардын жолойлорун айта берип тил тешилди. Экөөнү камаганы менен он чактысы нашаны өкүртө чегип, каалагандай терип жүрбөйбү эч кимди тоотпой. Өкүнүчтүүсү-кара куурай чеккендердин катары улам жашарып баратканында. Жаш организмди ушул ден-соолукка тескери таасири тийген кара куурайга уулап жатышканын кантип нормалдуу көрүнүш катары эсептесек болот? Борборго да ушул жаман затты алып келишип кеңири таркатып жатышканы абдан кооптуу.

Эки күн мурда ИИМ дин министрине Кашкар Жунушалиевге (Марал радиосундагы маегинде) Кочкордон бирөө байланышка чыкты. —“Кочкордун өзүндө наша саткандар көбөйүп кетти. Алардын ким экени деле маалым. Бирок, милисалардан эч кандай кыймыл жок. Ушуну бир көзөмөлдөп бересизби жолдош министр”- деген коңгуроонун чалынышы бекерден эместир? Кыларга иши жок жаштар жаман жолго тез эле түшүп кетип жатканы чамасы тынчтык бербей жаткандай. Тилекке каршы буга окшогон жагдайлар ар бир аймакта орун алганы калппы? Реформа ушундай көйгөйлөрдү жоюдан башталышы талапка ылайык. Бизди жаштардын келечеги көбүрөөк ойлонтушу кажет. Жалпылап киришпесек жаш нашакорлордун “армиясын” өстүрүп алуу коркунучу бар. Ошондуктан орчундуу маселеге сергек мамиле кылалы.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости