www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында ИИМдин кичи динамиадасы башталды. Бүгүн Ош шаарынын борбордук стадионунда ички иштер органдарынын түштүк аймагында жайгашкан кызматтарынын арасында маркум Нурлан Сайдиевдин жаркын элесине арналган кичи динамиаданын салтанаттуу ачылышы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин катышуусу менен болуп ѳттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, андан соң кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерге аталып куран окулду. Алгач сѳз алган министр Кашкар Жунушалиев ѳз сѳзүндѳ Нурлан Сайдиевдин ѳмүр баянына кыскача токтолуп, басып ѳткѳн жолу, эрдиги кийинки муундар үчүн сабак жана ѳрнѳктүү ѳмүр болуп калаарын айтты. Нурландын атасы Жаныш Сайдиевге ушундай эр жүрѳк уулду ѳстүрүп, эрезеге жеткиргендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Биз ушул сыяктуу иш-чараларды ѳткѳрүү менен эрдик кѳрсѳтүп, кызмат учурунда курман болгон кесиптештештерибиздин жаркын элесин унутта калтырбайбыз. Мындан ары эч качан катарыбыз кемибесин, ал үчүн биз ар тараптуу даяргерчилигибизди бекемдеп турушубуз керек» деди. Ѳз кезегинде сѳз алган Н.Сайдиевдин атасы Жаныш Сайдиев жыл сайын уулун эстеп, ушундай ири чараларды ѳткѳрүп жатышкан ИИМдин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Иш-чарага Нурландын атасы Жаныш Сайдиевден сырткары Нурландын уулу Айдар, кызы Айдай, жубайы Дамира катышты. Бул спорттук иш-чарага Ош шаардык, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын, мамлекеттик атайын коргоо департаменти кызматынын, «Шумкар» атайын багыттагы бѳлүгүнүн кызматкерлери катышууда. Мелдеш спорттун алты түрү боюнча ѳтѳт. Алар: кичи футбол, аркан тартыш, ордо, гир спорту, ок атуу (күжүрмѳн куралдан), кол күрѳш.
Динамиаданын жыйынтыктары 22-сентябрда чыгарылат.
Ош ШИИБнын Басма сѳз кызматы
Булак: NazarNews.kg