www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын 40ы шайлоого көрсөтүлгөн жалгыз талапкер - КСДП фракциясынын 29 жаштагы өкүлү Жаныбек Абировго макул болушту.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Ага КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” кирди. Ал эми “Кыргызстан” азчылыкта калды.
19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган.
Жакында борбор калаада мэр алмашып, кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кеткен.
Анын ордуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, 38 жаштагы Кубанычбек Конгантиев келери айтылып жаткан. Бирок ал талапкерликке жазган арызын кайра алганы бүгүн сессияда белгилүү болду.
Абиров Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менежмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Булак: NazarNews.kg