www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Артур мырза, Белиз өлкөсүнөн келген документтер боюнча кезинде Сегизбаев айткан маалыматтарды УКМК төрага орун басары жокко чыгарды. «Бизде андай документтер катталган эмес» деди. Сегизбаев болсо «мен аларды УКМКга таштап кеткем» деп жатат, кимисиники туура?
— Белизден келген маалыматтар фальсификация, калп болгон. Кыргызча айтканда, Сегизбаев ушак маалымат тараткан. Себеби, ошол маалда үч депутатты күнөөлүү кылып, бүт коомчулукка алып чыгыштын амалын күнү-түнү издешкен. Сегизбаев «атамекенчи» үч депутатты күнөөлүү катары каралап, элди ишендиргиси келген. Бирок, калп бир күнү калкып чыгат. Аны ал акылсыздар билишсечи. Сегизбаев ушак менен расмий маалыматгын айырмасын билбегени ошондо эле билинип калган. «Белизден келди» деген маалыматтар справка, же атайын билдирүү катары милдеттүү түрдө катталышы керек болчу. Балким, бул киши кызматтан кетип жатканда баарьш тазалап, анан «мен калтырып кеткем» деп даты калп айтып жаткандыр. Себеп дегенде, мындай кишилерден баарын күтсө болот. Дилетант болуп, беттен алып, жалаа жапканга шыктуу болуп бүткөн.
– Сиздин бул тармакта тажрыйбаңыз коп. УКМКны жетектеп жатып, ушундай афера жасаганы ачыкталса, ал адам кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?
– Цөзсүз түрдө коп жылга эркинен ажыратылат. Кыргызстан – мыйзамдуу демоктариялык мамлекет. Мыйзам бузулуп, адам укуктары тебеленгенге жол берилбеши шарт. Жалаа жаап, жасалма документ токугандар, ким болбосун, милдеттүү түрдө жоопкерчиликке тартылышы керек. Акыркы учурда ачыкталган иштер укук коргоо органдары тарабынан кылдат иликтенип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга шарт түзүыгү абзел.
-Ал кагаздарды Сегизбаев ал кездеги президент Атамбаевге көргөздү эле. «Жашыруун маалымат» деген гриф коюлган» деп да айткан. Белизден келген документ мамлекеттик сырга жатабы?
– Биринчиден, Белизден маалымат алуу оңойго турбайт. Экинчиден, алынган маалымат децгээлине жараша «жашыруун», «өтө жашыруун», же «иш үчүн» деген грифтер коюлат. Жогорку Кеңеште бул маселе каралып жатканда, депутат Абдылдаев Сегизбаевге айткан: «Сиз расмий маалыматтар менен жашыруун маалыматтардын айырмасын билбейт окшойсуз, бул оперативдүү маалыматтар Жогорку Кецеште чыкпашы керек» десе, Сегизбаев каяша айтып, өзүм билемдик кылып, ал жерден дагы талашып-тартышкан. Сабатсыздыгы ошол жерден дагы билинген. Ишти билбейт. Негизи ал адам бул тармакка, бул кызматка чон, жаңылыштык менен тандалып, бекитилген. Көп иштерди туура эмес, ката, өзүм билемдик менен жасады. Атамбаев дагы анын жалганына ишенип калдыбы, же ал өзү буйрук берип, талап кылганбы, айтор, жакында Сегизбаевди жоопкерчиликке тартканда баары билинет.
Булак: “Азия ньюс”