www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Совет бийлигинде Турдакун Усубалиев ошол учурдун “көзүрү” болуп, Кыргызстандын жүзү болуп таанылган. Ал кишиги эч ким каяша дагы айта алган эмес. Дегени менен аты аталган аксакалыбызды көпчүлүктөр трайбалист деп айтып, Москванын көзүн карап келген инсан экендигин айтып келишкет. NazarNews.kg маалымат агенттигине 76 жаштагы Жеңишбек ата “Турдакун Усубалиевди мен кызматтан кетиргенмин” деп, маек берди. Төмөндөгү кызыктуу болгон окуяга көңүл бурсаңыздар болот.
Кыргызстанда түзүлгөн акыбал – элдин жашоосунун оордошу, моралдык бузулуусу, башкаруу чөйрөсүндөгү эки жүздүүлүк, коммунизмдин түпкү талаптарынын одоно бузулгандыгы, СССРдин бардык тармактарындагы көз боёмочулук, алдамчылык, паракорчулук, кошуп жазуу, экономикалык, саясий, айрыкча техникалык прогресстен артта калуу, советтик жарандын аброюнун кетиши – мени 1985-жылы октябрь айында М.Горбачевдун “перестройкасына” ишенип Москвага барууга аргасыз кылды.
Москва! Москва! Сага кандай ишенич! Үмүт! Стольный город! 25-октябрда КПССтин Борбордук комитетинин Куйбышев көчөсүнүн №8 үйүндөгү “Справочная-приемная ЦК КПСС” деген үйүндө Шпилевой Сергей Захаровичтин кабыл алуусунда болдум. Ал киши менен үч саат сүйлөштүм. Өлкөдө болгон акыбалды, айрыкча биздеги саясаттагы, экономикадагы болгон кемчиликтерди: партиялык системадагы (элди алдап) райкомдун, обкомдун, БК секретарлары, колхоздун башкармалары, совхоздун директорлору, мекеменин жетекчилеринин жемкордугун, уурулугун, эки жүздүүлүгүн (күндүз коммунизм курулат деп, түнкүсүн пара алып), аракечтикке, зынакорчулукка берилип кеткендигин, партияга өтүш үчүн 1 кой берип өтүп калгандыгыбызды, кызматка коюу жердештик, тааныштык, уруучулук чегинен ашкандыгын билдирдим.
Сергей Шпилевойдун телефонун алдым. Ал киши мени “Усубалиевге бар” дегенде мен “барбайм, так ошол киши трайбализмге (кочкорлук, нарындык, сарыбагышчылыкка, түндүкчүлүккө) түшүп жатат” дедим. Шпилевой мени “анда БКнын экинчи секретары Макаренкого бар” деди. Мен Фрунзеге келип, Макаренкого кирдим. Ал мени үч бөлүм башчылары менен биргеликте кабыл алды (Москвадан коркот экен).
Андан кийин көчөдөн кармап алып мени канча күн-түн экенин билбейм, КГБга каменный мешокко камашты. Төрт тарабы, асты-үстү бетон, тордолгон лампочка, бурчта сийе турган желим чака, башка эчтеке жок! Канча күн, канча түн камашканын билбейм. Себеби, саатты түгүл, чөнтөктөгү буюмдарды, ал турсун батинкенин боосунан бери алып коюшкан.
Мен камалып жатканда Нарын обкомунун 1-секретары Матен Сыдыков облмилициянын башчысы (начальниги) Жээналиевди “Жумалиев Жеңишбек дегенди тирүү болсо байлап, өлүү болсо устукандап кел” деп Ат-Башыга биздин айылга жиберген. Мени таба алышпай, мектептин директору Калича Эсенгулованы “мугалимиң эмне Москвада ойноп жүрөт?” деп зекиген.
Матен Сыдыковду мен Москвага Нарын областынын “желдети” деп айткамын. Себеби, ал иштеп турган учурда Тогуз-Торо райкомунун 1-секретары Абдразаков белгисиз себептер менен областтын эки кызматкери аркылуу экинчи кабаттын терезесинен учуп өлгөн. Дагы бир колхоздун бригадиринин жүрөгү жарылып өлгөн. Анан дагы бир сугатчы Сыдыковдун азабынан өлгөн.
Ал эми БКнын 1-секретары Турдакун Усубалиевди жердешчил, партиялык кызматкерлердин паракорчулугуна жол берген, республикада моралдык жана саясий жаман абал орногонуна күнөөлүү деп билдиргенмин. Мисалы, биздин эле Ат-Башы районундагы Калинин атындагы колхоздо жеп-ичүүнүн, кошуп жазуунун, алдамчылыктын негизинде 3000дей (үч миң) кой, 300дөй (үч жүз) жылкы жетпей тургандыгын айтканмын.
Шпилевой Сергей Захаровичке “эгерде ушундай акыбал бүткүл СССРде болсо, коммунизм эмне болот?” деген суроону да койгонмун.
Мен үйгө келгенден кийин, тинтүү үчүн үйүмө милиционерди жиберишкенде мен андан “прокурордун уруксаты барбы?” деп киргизбей койдум.
Бул акмактар Ат-Башынын райондук ооруканасынын башкы врачы Айып Бейшеналиевге дагы эки врачты кошуп, мени “Оорукчан” дедиртип справка жаздырып, Москвага ЦК КПССке жөнөтүшкөн. Мен ошол справканын көчүрмөсүн Шпилевойдон алып Бейшеналиевге көрсөтүп “Соттотом” десем, анын жүрөгү түшүп “Айланайын Жеңиш, областтын чоңдору талап кылып атса мен кантмек элем” деп жалынган.
Райондук милициянын башчысы машинасына салып алып мени “Камаймын” деп опузалаганда, мен “Москвага билдирем” дегем. Аргасыздан кайра Фрунзеге келип, Макаренкого (БКнын 2-секретары) кирейин десем, анын колу бошобой, Слепченкого кирдим. Ал киши менин көзүмчө Нарынга Матен Сыдыковго телефон чалып “Силер Жумалиевди куугунтуктаганды токтотпойсуңарбы! Баарын тескерисинче кылып жатасыңар (Вы там прекратите с Жумалиевым! Все делаете наоборот!). Прекратите!” деп телефонду калдыратып коюп таштаган. Мен ошону менен жөн жатпастан Шпилевойго “Усубалиевди качан бошотосуңар?” деп эки жолу телефон чалдым. Ошентип, Усубалиев 1985-жылы 4-ноябрда кызматынан алынды.
А эмнегедир Матен Сыдыковду бошотушпады. Дагы эки жолу Москвага телефон чалдым. Аны (Сыдыковду) 1985-жылы 27-декабрда араң дегенде кызматтан алышты. Көрсө, бул Сыдыковуң Москванын “иттери” менен байланышта экен. Москвага Баткендин өрүгүн кой, Ысык-Көлдүн туздалган, ышталган форель балыктарын жиберип турчу экен. Ал Усубалиевден да кыйын экен.
Ушул жерден мен Москвага, орус элинин мыкты уулу Шпилевой Сергей Захаровичке чоң ыраазылык билдиргим келет.
Анан эмне болду? Менин айтканым келип, СССР таркады, Горбачев баш болуп, үч жинди (Ельцин, Кравчук, Шушкевич) 1989-жылкы 17-марттагы референдумга карабастан СССРди талкалашты. Ага бизден Акаев, Отунбаевалар "чоң салым" кошушту. Эгемендүүлүккө жетишип, этегибиз көчүгүбүзгө жетпей, Кыргызстандын жарымысы тентип кетти...
Эмне кылуу керек? Коммунисттик коомго альтернатива жок. Капитализмдин жүзүн көрүп жатасыңар. Азыркыдай бийлик дагы отуз жыл бийликте турса – Кыргызстан жок болот!
Коммунист Жеңишбек Жумалиев
Булак: NazarNews.kg