www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын Патриот партиясынын лидери, Европарламенттин мурдагы депутаты Флориан Филиппонун айтымында, НАТОнун стратегиясы үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазганын ТАСС билдирди.

«Кытай расмий түрдө АКШдан Украинага курал-жарак берүүнү токтотууну талап кылууда. Кырдаал абдан оор болуп баратат. Биз 3-дүйнөлүк согушка карай жарышып жатабызбы же НАТОго жана анын америкалык аскердик стратегиясына баш ийүүнү токтотобузбу?!», - деп жазган саясатчы.

Белгилей кетсек, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин Украина жаңжалынын курчушуна Вашингтонду башкы күнөөкөр деп атаган. Ал Украинадагы жаңжалды жана Корей жарым аралындагы көйгөйдү чечүү процессинде Ак үйдүн «отко май чачуу» саясатын айыптады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости