www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар тергөөгө көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердиги боюнча Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтылды.

Ал эми бул иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен журналист Эрлан Бекчоро уулунун жактоочусу Кантемир Турдалиев журналисттерге комментарий берип, ал жактап жаткан эки адам көрсөтмө берүүдөн баш тартканын, бул алардын укугу экенин айтты.

Анын айтымында, шектүүлөр суроолорго сотто гана жооп берерин билдиришкен.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-28-октябрында Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активисттер, жалпысынан 30га жакын адам кармалган. Учурда алар СИЗО-1де февраль айынын аягына чейин камакта отурушат.

Ал эми кечээ, 30-январда экс-депутат Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу камактан бошотулду. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Нарматова 20-февралга чейин үй камагында болоору белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости