www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалдыга салык төлөөдөн качуу жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоо айыптары тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Сатыбалдыга каршы буга чейин козголгон «Казактелеком» жана «Транспорттук тейлөө борбору» ишканаларындагы ири өлчөмдөгү уурулукка байланышкан иштер боюнча тергөө аяктады. Ал боюнча беш киши айыпталуучу катары өтүүдө.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө фигуранттардын жалпы суммасы 240 миллиард теңгеге (500 миллион доллардан көп) бааланган активдери менен каражаттары мамлекетке кайтарылган.

«Айыпталуучулардын башка да мыйзамсыз активдерин издөө иштери уланууда. Өлкөнүн ичинде жана сыртында дагы 900 миллион долларга бааланган кыймылсыз мүлктөр, автоунаалар жана каражаттар аныкталды, алар жакынкы убактарда мамлекетке кайтарылат», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Forbes Kazakhstan басылмасы Кайрат Сатыбалдыны Казакстандагы эң таасирдүү ишкерлердин тизмесине кошкон. Ал 2022-жылы мартта кармалган. Анда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалдынын «Казактелекомдогу» уурулукка гана эмес, «мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараткан» башка да кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу текшерилерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости